• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстанда туризм инвестиция салуу объекти

👁 660

2017-жылы туристтик өнүмдөрдү экспорттоо көлөмү 415 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов “Жаңы Кыргызстан — 2018” эл аралык инвестициялык форум учурунда билдирди. Ошондой эле ал өлкөдө туризмдин перспективдүү тармактарын атап, ал жакка инвестиция тартуу зарылдыгын белгиледи.

“Туризм өлкө үчүн дайыма маанилүү тармак болуп келген. Биздин мамлекетке келген ар бир турист өлкөнүн потенциалын көрүп, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө болот деген пикирлерин айтып келишет. Бирок бул потенциал толугу менен ишке аша элек, бирок ИДӨнүн 5 пайызы, 25 миллиард сомго жакынын дал ушул туристтик тармак түзөт. 2017-жылы биздин мекенге 2 миллионго жакын турист келген. Ал эми туризмге инвестиция салуу былтыр 15% көбөйгөн”,-деди ал.

Дүйнөлүк туристтик уюм изилдөө жүргүзүп, жакынкы 10 жылда туристтик тармагы өнүгө турган 10 өлкөнү атаган. Кыргызстан ушул тизмеге кирген. Биздин өлкөгө эмнеге келишет, аларды эмне кызыктырат?

Биринчиден, Кыргызстан тоолуу өлкө, акыркы 10 жылда туризм дал ушул тоолор менен байланыштуу болууда, жөө жүрүштөр, атка минүү, альпинизм. Тоолордун чокуларын багындырганы туристтер көп келишет. Кыргызстанда альпинизм массалык болуп саналбаса дагы туризмдин перспективдүү тармагы. Статистикага ылайык, туристтердин 28 %ы Улуу жибек жолуна келүүнү каалайт. Бул жол Кыргызстан аркылуу өтөт дагы, бир нече туристтик объекттер бар. 2014-жылы ЮНЕСКО Казакстандагы, Кытайдагы жана биздин өлкөдөгү аталган жолдогу объекттерди “Тянь-Шань коридоруна” киргизген. Учурда бул объекттер боюнча биргелешкен туристтик программалар бар.

Экинчиден, Кыргызстан башка өлкөлөрдөн маданияты менен айырмаланат. Ал уникалдуу жана аны жарыя кылуу үчүн үчүнчү жолу “Көчмөндөр оюну” өткөрүлгөнү жатат. Бул менен дал ушул маданий туристтик тармакты өнүктүрүп жатабыз десек болот. Быйыл Көчмөндөр оюнуна 80 мамлекет катышат.

Үчүнчүдөн, Ысык-Көлдүн потенциалы толугу менен ачылды десек болот, бирок албетте, бир аз кемчиликтер да бар. Ал жакка Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан эс алуучулар келишүүдө. Азыр ден-соолукту чыңдоо туризми дагы өнүгүүдө. Көлдүн айланасында минералдык суулардын булактары бар, ал жактарда совет мезгилинде эле санаторийлер курулган. Дал ушул багытка инвестиция тартуу керек.

Ошондой эле Ысык-Көлдө спорт туризми дагы бар. Совет мезгилинде дал ушул аймакка дүйнөнүн курама командалары машыкканы келишчү. Туризмдин бул түрү эки себепке байланыштуу жакшы. Биринчиси – адаптациялык климат. Башка климаттык аймактарда спортчуга адаптация болуу үчүн 4 күн керек болсо, Ысык-Көлдө бир күн эле жетиштүү. Экинчи себеби – аба жетишсиздиги түшүнүгү. Башка өлкөлөрдө энергия иштелип чыгуусу үчүн спортчу тоого чыгышы керек болсо, Ысык-Көлдө анын зарылчылыгы жок. Ошондуктан спорт туризми перспективдүү, бирок инфраструктура керек – чоң бассейндерди, дүйнөлүк стандартка туура келген стадиондор. Бул үчүн инвестициялар керек.
Кыргызстанда кышкы туризм өнүккөн. Дүйнөлүк деңгээлге чыга элек болсо дагы, өнүгүү жолунда. Кышкы туризмдин артыкчылыгы өлкөнүн ар бир бурчунда өнүгүүдө, туристтер “Жыргалаң” сыяктуу жерлерде эс ала алышат.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости