2017-жылы туристтик өнүмдөрдү экспорттоо көлөмү 415 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов “Жаңы Кыргызстан — 2018” эл аралык инвестициялык форум учурунда билдирди. Ошондой эле ал өлкөдө туризмдин перспективдүү тармактарын атап, ал жакка инвестиция тартуу зарылдыгын белгиледи.
“Туризм өлкө үчүн дайыма маанилүү тармак болуп келген. Биздин мамлекетке келген ар бир турист өлкөнүн потенциалын көрүп, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө болот деген пикирлерин айтып келишет. Бирок бул потенциал толугу менен ишке аша элек, бирок ИДӨнүн 5 пайызы, 25 миллиард сомго жакынын дал ушул туристтик тармак түзөт. 2017-жылы биздин мекенге 2 миллионго жакын турист келген. Ал эми туризмге инвестиция салуу былтыр 15% көбөйгөн”,-деди ал.
Дүйнөлүк туристтик уюм изилдөө жүргүзүп, жакынкы 10 жылда туристтик тармагы өнүгө турган 10 өлкөнү атаган. Кыргызстан ушул тизмеге кирген. Биздин өлкөгө эмнеге келишет, аларды эмне кызыктырат?
Биринчиден, Кыргызстан тоолуу өлкө, акыркы 10 жылда туризм дал ушул тоолор менен байланыштуу болууда, жөө жүрүштөр, атка минүү, альпинизм. Тоолордун чокуларын багындырганы туристтер көп келишет. Кыргызстанда альпинизм массалык болуп саналбаса дагы туризмдин перспективдүү тармагы. Статистикага ылайык, туристтердин 28 %ы Улуу жибек жолуна келүүнү каалайт. Бул жол Кыргызстан аркылуу өтөт дагы, бир нече туристтик объекттер бар. 2014-жылы ЮНЕСКО Казакстандагы, Кытайдагы жана биздин өлкөдөгү аталган жолдогу объекттерди “Тянь-Шань коридоруна” киргизген. Учурда бул объекттер боюнча биргелешкен туристтик программалар бар.
Экинчиден, Кыргызстан башка өлкөлөрдөн маданияты менен айырмаланат. Ал уникалдуу жана аны жарыя кылуу үчүн үчүнчү жолу “Көчмөндөр оюну” өткөрүлгөнү жатат. Бул менен дал ушул маданий туристтик тармакты өнүктүрүп жатабыз десек болот. Быйыл Көчмөндөр оюнуна 80 мамлекет катышат.
Үчүнчүдөн, Ысык-Көлдүн потенциалы толугу менен ачылды десек болот, бирок албетте, бир аз кемчиликтер да бар. Ал жакка Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан эс алуучулар келишүүдө. Азыр ден-соолукту чыңдоо туризми дагы өнүгүүдө. Көлдүн айланасында минералдык суулардын булактары бар, ал жактарда совет мезгилинде эле санаторийлер курулган. Дал ушул багытка инвестиция тартуу керек.
Ошондой эле Ысык-Көлдө спорт туризми дагы бар. Совет мезгилинде дал ушул аймакка дүйнөнүн курама командалары машыкканы келишчү. Туризмдин бул түрү эки себепке байланыштуу жакшы. Биринчиси – адаптациялык климат. Башка климаттык аймактарда спортчуга адаптация болуу үчүн 4 күн керек болсо, Ысык-Көлдө бир күн эле жетиштүү. Экинчи себеби – аба жетишсиздиги түшүнүгү. Башка өлкөлөрдө энергия иштелип чыгуусу үчүн спортчу тоого чыгышы керек болсо, Ысык-Көлдө анын зарылчылыгы жок. Ошондуктан спорт туризми перспективдүү, бирок инфраструктура керек – чоң бассейндерди, дүйнөлүк стандартка туура келген стадиондор. Бул үчүн инвестициялар керек.
Кыргызстанда кышкы туризм өнүккөн. Дүйнөлүк деңгээлге чыга элек болсо дагы, өнүгүү жолунда. Кышкы туризмдин артыкчылыгы өлкөнүн ар бир бурчунда өнүгүүдө, туристтер “Жыргалаң” сыяктуу жерлерде эс ала алышат.