ЭКОНОМИКА четте калбай билгени тууралуу айтып берүүнү чечти.
Кыргызстандагы пайдалуу кендерди казуу иштерин чет элдик инвесторлор гана жүргүзө албайт. Жер астындагы кендерди иштетүү ишине мекендештерибиз канчалык көп киришсе, өлкө үчүн жана биздин жарандар үчүн ошончо жакшы болот.
Кыргызстандагы тоо-кен долбоорлорунун баары эки категорияга бөлүнөт.
Дүйнө жүзү боюнча көмүрдүн глобалдуу рыногу бар, аны экспорттоо үчүн Кыргызстанда ыңгайлуу транспорттук схема жок болгондуктан коңшу Тажикстандан аткезчилик жолу менен алынып келинген көмүрдү эске албаганда көмүр ички рынокто пайдалуу кен болуп саналат.
Алтынды иштетүүгө каражат табуу өтө оңой. Себеби алтынды казуу менен сиз акча таптым деп эсептей берсеңиз болот. Эгерде башка кендерди акчага айландыруу керек болсо, алтын өзү эле акча.
Сиз аны бул жылы сата албасаңыз, эмдиги жылга калтырып койсоңуз болот. Эгерде сиз кен казуу тармагында тажрыйбалуу болбосоңуз жана кен казуу иштери боюнча ийгиликтүү ишке ашкан долбооруңуз болбосо биринчи жана экинчи категориядагы кен казуу иштерине сизге эч ким акча бербей турганын айтып коюубуз керек.
Кыргызстанда белгилүү бир адамдардын түрү бар, биз аларды “Кыргыздын чоң кыялы” деп атайбыз. Жыл өткөн сайын перспективдүү эмес жерлерге лицензия алган жергиликтүү адамдар орустарга же кытайларга аны сатууга аракет кылып келишкенин көрсөк болот.
Жыл өткөн сайын алардын иши жүрүшпөй, лицензияларынан айрылып келишет. Айрымдарынын лицензияларын өз баасына бирөөлөр сатып алса, кээ бирлери 1–2 жылдан соң аны жокко чыгарып салышат.
Бул айрым бир урматтуу адамдар өз аймактарында лицензияларды рынок шарттарына ылайык эмес берип коерун билдирет. Бирок кандайдыр бир документтери бар болгон лицензия колдо болсо эле ал товар болуп калат деп ойлоо жаңылыштык.
Бул андай эмес, Кыргызстанда алтын казуу тармагында көп жылдан бери иштеп келгендер бул тууралуу айтып эле келишет. Эгерде сиз лицензияны кайра сатууну кааласаңыз макала сиз үчүн эмес. Бул башка тема деп эсептейбиз.
Бирок кыргыз лицензиялары чет элдик инвесторлор аркылуу да каржыланган учурлар бар, мисалы Таластагы кен чыккан жер.
Каржылоону издөө өтө көп убакытты алат. Сиз досчулук аркылуу алган, кен казуучу жер иштетилбесе күйүп кете турган же кайра артка чакырылып кете турган лицензияңызды жоготуудан башка жоготчу эч нерсеңиз болбогонун адамдар көрүп турат.
Эгерде каражылоо булактарын табууну чечсеңиз, анда жок дегенде тоо-кен иштеринин планын ишке ашыруу үчүн бир аз каражатыңыз болуусу кажет.
Тоо-кен тармагында иш баштоо үчүн аз дегенде 100 миң $ керек, мындан аз каражат менен ишти баштоонун кереги жок. Инвесторго сиз лицензия алуу маселесин мойнуңузга аларыңызды, жергиликтүү коомчулук менен болгон мамилени жөнгө саларыңызды, кызматкерлерди ишке алуу маселесин жана кен казууга керек болгон сатып алууларды жүргүзөрүңүздү түшүндүрүүңүз керек. Андан болсо каражат бөлүү жана колунан келишинче жардам көрсөтүү талап кылынат.
Азыр Кыргызстанда мыйзам мындай, эгерде сиз лицензияңызды эч нерсе кылбасаңыз анда ал жылдар бою колуңузда тура бербейт, бир жыл өткөн соң ал инвестиция тартылбаган мекеме катары каралып калат, анткени инвестор аны карап туруп эле анын мөөнөтү өткөнүн жана сиз иш планын аткарбай жатканыңызды айтат.
А балким эртең аны артка чакыртып алышат же мөөнөтү өткөн лицензия менен иштеп жатасың деген коркутуулар болот.
Биринчиден кытайлар, корейлер, кээде орусиялык жана түркиялык инветорлор чыгып калышы ыктымал, казак инвесторлору да өтө сейрек кездешет.
Калгандары бул мамлекетти айланып өтөт жана бул өлкөнүн чоң трагедиясы.
Мамлекеттик геологиянын сайтына кириңиз дагы кайсы кенге лицензия алгыңыз келсе, ошол кен чыгуучу жайларга берилген лицензиялардын тизмесин караңыз. Негизги оюнчуларды аныктаңыз, ким жана кайсы чет элдиктер кен казуу иштери менен алек болуп жатыптыр билип алыңыз.
Сизге акча берүүгө даяр болгон инвесторлор өлкөдө мурунтан бери бул тармакта иштеп жаткан болушу толук ыктымал.
Биз буга байланыштуу мисалдарды билебиз. Мисалы, Чаткал районунда иштеген айрым компаниялар өз корлору азайганда Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы башка долбоорлорду сатып алышкан.
Анткени өлкөдөгү бардык маселелерди жана коркунучтарды алар жакшы түшүнөт, алар бардык маселелерди чечип алышкан жана аларга кийинки иштетилүүчү жай керек. Алар менен бир тилде сүйлөшө аласыз. Эгерде андай инвесторлор табылбаса, анда чет жактан издөөгө туура келет.
Расмий рейтингдерге карабаңыздар, анткени кытайлыктар жана кореялыктар көбүнчө кыргыз жетекчилердин аркасына жашынып иш кылышат, долбоордун чыныгы баасы канча экенин билбейсиң, ошондуктан биздин тажрыйбабызга ишениңиз – ЭКОНОМИКАнын редакциясы болгонун болгондой айтып берет.
Экинчиси, сиз аймакка кирген компаниялардын арасынан инвестор издөөңүз керек. Эгерде алар Кыргызстанда иштеп жаткан болсо, эң жакшы. Эгерде алар Монголияда, Казакстанда, Орусияда, Тажикстанда, Түркияда иштеп жаткан болсо алар менен сүйлөшүп, сунуш жиберсеңиз болот. Бирок айта кетели, бул өтө оор.
Негизги коркунуч лицензияга байланыштуу, ошондуктан банктар кенди казып алуу иштери жакындап калган долбоорлорду гана каржылай алат. Анткени сиз казылып алынган кендерди сатуу менен пайыздарды толөп баштооңуз керек.
Банктар чалгындоо жүргүзүлүп жаткан долбоорлорду эч качан каржылабайт. Банктар долбоор иши аяктап, кен казууга жакындап калгандарды каржылайт.
Ийгиликтүү мисал «Азия Универсал Банкы». Эски бирок, ийгилик жараткан долбоор. Бул банк Нарын жана атка алтын казуу кендерин каржылаган.
Геологиялык тармактагы коррупция жана лицензия берүүдөгү чоң коркунучтарды билип туруп банктар тобокелчиликке баргысы келбейт. Кен чыгуучу жер эч жакка кетпейт, ал эми лицензия жоголуусу мүмкүн. Банктарга барбай эле койгон туура.
Биз билгендей эле кыргыз-орус өнүктүрүү фонду дагы тоо-кен долбоорлорунан алыстап кеткендей, алар көбүнчө айыл-чарба, жеңил өнөр-жай тармактарына көңүл бурууда.