Жок, жок — «Экономика» биздин эл өкүлдөрүнүн жакшы демилгелерин колдойт гана. Бирок билим алууга насыя берилүү системасы жакшы иштеши үчүн жок дегенде эки нерсе болушу керек. Бай бюджет жана билим берүү системасындагы коррупциянын жок болуусу. Буга биз жетишкиче көп бар.
“Билим берүү” тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Анда өлкө ЖОЖдорунда насыяга жана карызга окуу каралган. Бул демилгени КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев демилгелөөдө жана азыр коомдук талкууга коюлууга даярдалып жатат. Эгерде коомчулук муну кабыл ала турган болсо (Күмөнүм жок!), өкмөт тиешелүү нормативдик документтерди даярдап баштайт.
Бирок Кыргызстанда окууну каржылоо маселеси актуалдуу. Депутат А.Карашев бул жерде жаңы нормаларды сунуштап туура кылууда. Өнүккөн өлколөрдө мындай насыялар берилет, билим берүүгө берилген насыя керектөөчү насыяга караганда үстөк пайызы аз болот жана насыядагы үстөк пайызынын айырмасын мамлекет каржылайт. Негизги сумманы жана пайыздарды төлөө окуу бүткөндөн кийин, бүтүрүүчү жумушка орношкон соң жүргүзүлөт. Ал эми белгилүү шарттарда насыянын бир бөлүгү кечилет.
Биздин коммерциялык банктар окууга насыя беришпейт. Ал эми бул кызмат бар банктар болсо керектөөчү насыядай эле пайыз менен беришет. Мисалы, өлкөдөгү белгилүү коммерциялык банктын “Билим алууга” делинген насыясынын шарттары:
Насыянын максаты – Кыргызстанда окуу үчүн төлөө;
Насыя валютасы — KGS, USD;
Насыянын суммасы — USD 150дөң 5 000чейин, KGS 6 000ден 200 000ге чейин;
Насыя мөөнөтү — 6 айдан 5 жылга чейин;
Пайыздык чен — USD — 22%; KGS — 28,5%;
Бөлүп (аванс) менен төлөнүүчү пайыз — 1%;
Төлөө шарты — Ай сайын, бирдей өлчөмдөгү төлөм менен;
Мөөнөтүнөн мурда төлөө — Насыя алгандан кийинки 6 ай ичинде – мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн сумманын 5% комиссиялык төлөм. Алты айдан кийин – комиссиялык төлөмсүз;
Күрөөлүк камсыздоо — USD 150дөн 3 000чейин — кыймылдуу мүлк+ 1 кепилдик. USD 3 001ден5 000чейин – кыймылсыз мүлк+ 1 кепилдик;
Карыз алуучуларга карата талаптар — Кыргыз Республикасынын резиденттери,орто жана атайы окуу жайларынын студенттери, жогорку окуу жайларынын студенттери, магистратурада окуп жаткандар, квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп жаткандар, мектеп окуучуларынын ата-энелери.
Депутаттардын демилгеси логикага ылайык. Студент (же анын ата-энеси) насыянын жок дегенде окууну бүткөндөн кийин төгүп баштоосу керек, эң жакшысы жумушка орношкондон соң. АКШдагы, Европадагы жана башка өнүккөн өлкөлөрдөгү система дал ушундай иштейт. Бирок биз алардын системасы өтө катаал экенин жазабыз.
Жалпылап айтканда депутаттын демилгеси – “2017-жылдагы…дүйнөдөгү эң жакшы жана мыкты стартап” наамына татыктуу болууда!
Бул демилге жакшы башталыштарды бузуп, бул үчүн реалдуу шарттар пайда болгондо жаман репутацияны көрсөтүүсү мүмкүн.
Анткени практика көрсөткөндөй, өнүккөн өлкөлөрдө бардык насыя берген мамлекеттик фонддор кирешесиз болот жана мамлекет бул чыгымдарды жокко чыгарат (демек өлкө бай болушу шарт!). Ал эми меценаттар фонду, бизнес компаниялар болгондо бул башка иш. Алар айрым студенттерге жеңилдетилген насыя же грант бөлүшөт жана өз шарттарын коюшат (өз компаниясына ишке киргизүү жана башка) . Көпчүлүк учурда бул фонддор студенттердин жетишкендиги тууралуу маалыматтарды сурап, аларды ар кандай изилдөөлөргө жана сурамжылоолорго тартып турушат. Бирок мунун баары башка кеп.
АКШнын бардык студенттери үчүн жеке каржылык жардам алуунун башкы шарттарынын бири кепил адам болушу керек. Кепилдик насыя берүүдө башкы ролду ойнойт жана ал адам эгер студент окуусун бүткөндөн кийин карызын жаба албай же атайылап эле төлөгүсү келбесе, анда кепил болгон адам алынган каражаттын баарын төлөп берүүсү шарт. Кепил адам катары АКШнын жараны же шатта 2 жылдан кем эмес убакыт жашаган адам болуусу керек. Мындан сырткары ал расмий жумушка ээ болуп, насыя тарыхы жакшы болуусу абзел.
Андан кийин абитуриенттин өзүнүн каражаты бардыгы тууралуу документ керек. Бул банкка салынган акчалар, балким иштесе маянасы, кыймылсыз мүлктү ижарага бергендеги кирешелери, ата-энесинин кирешеси жана башкалар болушу мүмкүн.
Эми Кыргызстанда билим берүүгө эффективдүү, узак мөөнөткө, коррупциясыз, ишенимдүү насыя берилип жатканын элестетип көрөлү. Биз ал үчүн чет өлкөнүн тажрыйбасын алып, көп нерсени үйрөнүүбүз керек. Жок дегенде америкалык системадагыдай критерийлерди киргизишибиз керек. Анда биздин балдар кепил адамдарды кайдан табышат? Ошондой эле алар банк эсебин ачышы керек. Кыймылсыз мүлктөрү болушу керек, эгерде күтүлбөгөн учурлар болуп кетсе насыяны төлөөгө мүмкүнчүлүгү болушу шарт. Ушундай болгондо гана биз иштеген системага ээ болобуз.
Учурда “Жеткиликтүү турак-жай 2015−2020” программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания менен бирге бир нече коммерциялык банктар иштеп жатышат. Бул биздин өлкөдөгү өнүгүүнүн жакшы үлгүсү. Бирок бул жерде коммерциялык банктардын кыймылсыз мүлк түрүндө күрөөсү бар, бул банктардын программага катышуусуна макул болуусунун жалгыз себеби.
Учурда Орусия дагы ушундай маселеге туш болду. Ал жакта дагы азыр ушундай программа иштейби же жаңы ишке кирип жатабы азырынча так эмес. Нефтиге болгон баанын төмөндүгүнө карабай Орусия билим берүүгө бөлгөн каражаттарды азайткан жок, ошондуктан мындай программаларга ири өлчөмдөгү каражаттар берилип келет. Бирок коммерциялык банктар ага катышуудан баш тартышкан, жалгыз гана өнөктөш азыр Сбербанк, бул банктагы Орусиянын Мамлекеттик банкынын үлүшү – 52 %. Жана жакынкы убакта бул картина өзгөрбөйт.
Кандай болгон күндө дагы мамлекет жеткиликтүү билим берүү үчүн насыя алуу мүмкүнчүлүгүн киргизиши керек. Эң башкысы бул демилге менен уят болуп калбоо керек. Практикада биздин өлкөдө дайыма ушундай болот.
Депутат А.Карашевдин демилгечи кеңири талкууланып, бардык тараптар анын жакшы жана жаман жактарын билиши керек. Ошондо гана балким бул демилге билимдүү коомду түзүү үчүн кезектеги шайлоо алдындагы ролик болушу мүмкүн.