• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу 166 млн долларды түзгөн 17 долбоор ишке ашырылып жатат

22-6

👁 680

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин демилгеси менен бизнес менен саламаттыкты сактоо тармактарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелерин, тактап айтканда, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышын талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө. Иш-чарага вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Тармактык комитеттин төрагасы Нурланбек Макеев бизнес менен саламаттыкты сактоо тармактарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аракеттери өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналарын баса белгиледи.

«Өзүӊөр жакшы билесиӊер, Президенттин Жарлыгы менен 2018-жыл өлкө аймактарын өнүктүрүү катары жарыяланды. «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү» мыйзамдын аймактардын өнүгүшүндөгү ролу зор. Муну жергиликтүү бийлик органдары туура түшүнүп, өз аймактарын өнүктүрүү жаатында бир топ алгылыктуу сунуштамаларды алат деген ойдомун», - деп, ал парламенттик угуу катышуучуларын талкууга жигердүү катышып берүүгө чакырды.

Ал эми вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев алгачкы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам 2009-жылы кабыл алынып, көп жылдары иштебей келгенин, ошондон улам, 2012-жылы кайра жаӊыртылганын эске салды.

«Ошондон бери бул мыйзамдын алдында 8 ченемдик укук актысы иштелип чыгып, анын алкагындагы долбоорлорду каржылоо фонду түзүлүп, атайын программа кабыл алынган. Аны мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мамилелерин жүзөгө ашыруунун «жол картасы» деп койсок да болот», — деп ал, ушу тапта жалпы көлөмү 166 млн долларды түзгөн 17 долбоор ишке ашырылып жатканын, анын ичинде саламаттык сактоо тармагына тийешелүү 4 долбоор бар экенин кошумчалады.

Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышын талкуулоо жол-жоболору улантылууда. 

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости