Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Экономика министрлиги тарабынан “Мамлекеттик ишканалардын иши жөнгө салуу” тууралуу токтом долбоору демилгеленди. Бул токтом долбоору мамлекеттик ишканалардын иш алпаруусу, кайра уюуусу, жоюулуусу тууралуу бирдиктүү нормаларды киргизүү максатында иштелип чыкты.
Практика көрсөткөндөй, учурда иштеп жаткан мамлекеттик ишканаларды башкаруу системасы жакшы жыйынтык көрсөткөн жок.
Буга байланыштуу токтом долбоорунда тармактык мамлекеттик органдардын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ишмердүүлүгү так жана даана жазылган. Анда, тармактык мамлекеттик органдарга жалпы башкаруу, ишкананын ишинин стратегиялык планын координациялоо укугу берилген. Ал эми мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана аларга берилген мамлекеттик мүлктүн пайдаланылышын көзөмөлдөйт.
Ошондой эле токтом долбоору аркылуу мамлекеттик ишкананын стратегиялык өнүгүү планын бекитүү боюнча милдеттүү практиканы киргизүү каралууда. Аны менен катар эле мамлекеттик ишканаларда финансылык-чарбалык көзөмөлдү күчөтүү каралууда. Мындан тышкары, мамлекеттик ишканалардын жылдык отчетторун ачык булактарга милдеттүү түрдө жайгаштыруу талабы коюлууда.
Учурда “Мамлекеттик ишканалардын иши жөнгө салуу” токтом долбоору министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу процедурасын өтүүдө.