Эми бардык жеке лотереялар Кыргызстанда ишмердүүлүгүн токтотот.
Башында алар бизнесмендерге каршы турууга мүмкүнчүлүк беришти. Талкууну 2016-жылдын акырында токтотуп коюшту. Бир нерсени күтүп жатышты. Бирок алар күткөн нерсе болгон жок. Ошондо алар дароо талкууну жандантып, Президентке мыйзам долбоорун жолдошту. Биздин Президент, бул маселени жакшы иликтеп көрүүгө киришпей эле мыйзамга дароо кол коюп салды. Ажонун бул кадамы логикага ылайык келет, себеби жарым жылдык бийлиги калганда депутаттар менен урушуунун кажети жок эле.
Биринчиден мамлекеттик лотерея гана эмес “профессионалдуу” лотерея деген да бар экенин белгилей кетели. Бул эмне экенин бизге түшүндүрүшпөй эле. Бирок практикадан улам ар кандай спорттук, маданий жана башка структуралар лотереялык оюндарды өткөрүүгө укуктуу экенин билебиз. Бирок спорттук структура Мамлекеттик спорт комитетиби же проффесионалдуу органдар бейөкмөт секторбу түшүнүксүз болуп турат. Анткени биздин бардык спорт түрүнүн Федерациялары коммерциялык эмес сектор деген статуска ээ да.
Кандай болгон күндө дагы мамлекетке тиешеси жок структуралардын мыйзамсыз кирешелерин алуу үчүн чоң жылчык пайда болду.
Өзгөчө кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү маселесин кароо зарыл. Мыйзамда бул “жарнамалык максатта же товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга кызыктыруу максатында кызыктыруучу лотереяны уюштуруучу тарабынан өткөрүлүүчү лотерея. Бул учурда катышуу атайын билетти сатып алууну же болбосо кошумча акы төлөөнү талап кылбайт” деп жазылып турат.
Эми мамлекет бул ишмердүүлүккө да киришиптир. Мыйзамдын 5-беренесинде мындай деп жазылган: “Эгерде өткөрүлүүчү маркетингдик, жарнамалык же башка иш-чарада ыйгарым укуктуу орган кызыктыруучу лотерея өткөрүүнүн белгилерин тапса, анда аталган иш-чаранын лотереялык элементтеринин жыйындысы, аны уюштуруучулардын бул маселе боюнча ээлеген позициясына карабастан, кызыктыруучу лотерея деп таанылат”. Бул демек ыйгарым укуктуу органга барып бир топ документтерди тапшырып, лицензия алып андан кийин киреше чыгаша тууралуу маалымат берилиши керек.
Эми оюндарды радиолор кантип өткөрөрү кызык. Эми «Авторадио», «Европа-плюс», «Тумар» жана башка ФМ радиолор ар кандай оюндарды уюштуруп, футболкаларды, кружкаларды, концертке билеттерди ойнотуунун алдында жүз жолу ойлонушат. Болбосо ыйгарым укуктуу орган кызыктыруучу лотереянын белгилерин табышы ыктымал.
Жалпылап айтканда мамлекет аткаминерлердин армиясын ишке орноштуруу үчүн бир нече жумушчу орундарды түздү. Өкмөт болсо мындай борборлор, органдар тууралуу жобо жазуу менен алек.
Бирок баары эле жаман эмес. Мыйзамда жакшы “тыюулар” дагы бар. “Жашы жете элек адамдарга лотереяга катышууга , ошондой эле лотерея билеттерин сатууга тыюу салынат” жана “Алкоголдук продукцияларды жана тамеки заттарын сатуу, жайылтуу, жарнамалоо максатында кызыктыруучу лотереяларды уюштурууга тыюу салынат”.
Жакында эле 22-майда Орусиядан кабар келди. Сочи шаарынын жашоочусу «Столото» лотереясынан 364,6 млн рубль утуп алыптыр, бул Орусия үчүн рекорддук сумма. Бул тууралуу «Столотонун» сайтында жазылган.
Маалыматка ылайык, орусиялык жаран бул сумманы «Гослото «6 из 45» лотереясынан уткан. Ал лотереялык билетти мобилдик тиркеме аркылуу 700 рублга алган. Эми жеңүүчү Москвага келип, утушун алып кетиши керек. Баса биздин келечектеги лотерея ойнотуучулар дагы жаңы технологияларды үйрөнүп алышса жаман болбос. Тиркемелерди жана интернетти колдонуу абдан туура болмок.
«6 из 45» лотереясынан мурун 358,3 млн рубль уткан жеңүүчү Новосибирсктин жашоочусу болгон. Ал чекене билет саткан жерден билет алган.
РБК билдиргендей, 2016-жылы сатылган билеттер 46%га жогорулап, 39,6 млн даанага чейин жеткен, ал эми сатуу көлөмү 115% болгон.
Лотереяга болгон мындай кызыгуу элдин ишениминин жогорулашынан кабар берет. Эгерде адамдар чынчылдыкты билишсе анда иштеп тапкан акчаларынын бир бөлүгүн утушка ээ болобуз деген ишенимде берип коюшмак.
Лотереянын мамлекет тарабынан монополизация болушу жакшыбы же жаманбы? Жоо бирөө – билбейбиз! Баары мыйзам кандай аткарылганынан көз каранды болот.
Кумар оюндары боюнча орусиялык эксперт Кыргызстандагы абал боюнча мындай пикирин билдирди: