• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстанда өлүктөрдүн арты менен кантип акча табышат?

33

👁 2,269

Биздин гезиттин редакциясы “көр казган” адам менен маек куруп эле токтоп калган жок. Биз көпчүлүккө бүдөмүк болгон суроолорго жооп алып көрүүнү чечтик.

Бул тармак коррупцияга белчесинен батканы экспертизасыз эле белгилүү. Албетте аткаминер же башка жөнөкөй адамдар үчүн бул кызматтык абалынан пайдалануу болуп саналса, өлүмдөн бизнес жасагандар үчүн бул коррупция эмес, кадимки көрүнүш болуп калган. Себеби алар бизнесин ушундай жол менен жүргүзүп көнүп калышкан.

Мисалы, Россияда ритуалдык кызмат көрсөтүү инфраструктуранын жеткиликтүү болуусуна карата түзүлгөн: мүрзөдөн жер алуу, өлүккана, денени алып баруу. Башкача айтканда ал жакта инфраструктура – ресурс жана ал чакан топтор аркылуу көзөмөлгө алынат. Кыргызстанда болсо мүрзөдөн жер берүү чоң маселеге айланган. Борбордо ритуалдык кызмат көрсөткөн 2 чоң фирма бар, алар баарын кылышат – “ол инклюзив”.

Балким алар деле өлүкканалар менен сүйлөшүп алышкандыр, бирок тилекке каршы патологоанатомдор алар менен болгон кызматташууну айтып берүүдөн баш тартышты.

Кандай болгон күндө дагы мүрзөгө бөлүнүп берген жерлер бул мамлекеттин жери жана аткаминерлер тарабынан, жеке оюнчулар жана жалданма кызматкерлер тарабынан көзөмөлдөнөт. Муну башкача атоого мүмкүн эмес.

Аткаминерлерге инфраструктура жеткиликтүү жана алар инфраструктура үчүн адамдардан акча алышат. Жада калса өлүкканадан сөөктү алып чыгып жатканда дагы акча төлөнөт, мүрзөдөн жай алууга, аны казууга кыскасы баары акча.

Биздин өлкөдө бул тармакта иш алпаргандарды бизнесмен деп аташпайт. Ритуалдык кызмат тармагын көзөмөлдөгөндөрдүн баарын күч ресурсу деп атап койсок болот.

Мисалы, айылдарда эч жерде иштебеген жарандар акысына көр казып беришет. Айылда коррупция жокко эсе. Бирок шаарда жана шаарга жакын жерлерде абал такыр башка. Бул жерлерде Россиядагыдай жер үчүн мушташкандар жок болгону менен өз аймактарына башкаларды киргизе койбойт. Жер боюнча баардык маселелери «по понятиям» чечишет.

Баары кичинекей эле шабашкадан башталат. Көр казуу. Көмүүгө жардамдашуу. Көр казгандарды өткөн жашоосу учурдагы абалы эч кимге кызык эмес. Баары алардан алыс болууга аракет кылышат. Алар мыйзамдагы уурулар эмес, мафия дагы эмес. Мафия инфраструктура бөлүштүрүүдө башталат.

Бизнести ким жүргүзөт?

Албетте, жер менен байланышкан нерсенин баарынын өз баасы бар. Бул жерде пулуң болсо кулуңмун деген жок. Акчаң болуп, кеңсе сатып алып, ритуалдык кызматтар менен алек болом деген болбойт. Баардык иш мүрзөдөн башталат. Толук түшүнүү үчүн 2–5 жыл талап кылынат. Тааныш күтүшөт. Өлүкканадан, жергиликтүү жетекчилерден, аймактык милиция кызматкерлеринен таанышың болсо гана фирма ачсаң болот. Бирок баары эле оңойго турбайт. Бишкекте эбак эле баары бөлүнгөн.

Бирок эң кызыгы биздеги салык системасы. Кыргыз мыйзамында ритуалдык кызмат көрсөтүүгө салык салынбайт. Отчетту нөл менен тапшырып койсоң деле болот. Салыкчылар эч нерсе дей алышпайт. Себеби мындай пункт бар: диний иштерге, ритуалдарга, иш-чараларга жана ажылыкка барууга салык салынбайт.

Сөөктү көмүү үчүн жер сатылууда, кызматтар көрсөтүлүүдө ал эми фирма болсо салык отчетун берип жатабы жокпу эч ким билбейт. Кыргызстанда ким андан канча киреше таап жатканын эч ким билбейт, себеби статистика жүргүзүлбөйт.

Мыйзамды айланып өтүшүүдө жана бул схема көптөн бери иштеп келет. Тактап айтканда өлүктү көмүүгө байланышкан мыйзам деле жок. СССР урагандан кийин өлүктү кантип көмүп жатышканы менен эч кимдин деле иши жок. Баары жабылуу-жашыруун. Сөөктү жерге берүүгө байланышкан баардык иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген. Башкача айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз нормаларын жана эрежелерин киргизип алышкан. Ачык айтканда эч кандай эреже жок!

Эч кандай ГОСТтор, стандарттар жок. Статистика жок. Бир дагы мамлекеттик орган маалыматка ээ эмес, бирок мүрзөлөр мамлекетке тиешелүү.

Мүрзөлөр кайсы бир фирмага башкарууга берилет андан соң аткаминерлерге жерлерди сатып башташат. Баары өз мүмкүнчүлүгүнө жараша төлөп жатканы түшүнүктүү. Дегенибиз, жакшы жана жаман жер деп бөлүшөт. Жакшы жер дегени бош жерлердин бир бөлүгү сатылып, андан кийин муниципалдык мүрзөгө айланат. Жерди жөн гана мыйзамдаштырып алышууда. Жер сатуучулар – жер бөлүп берген аткаминерлер же мүрзөлөрдүн администраторлору. Тактап айтканда, ошол эле кишилер.

Биз жер сатып алууга аракет кылып эксперимент жүргүзүп көрдүк. Айылдарда жерлер сатылбайт – салтты сакташат. Ал эми Бишкектин чеке-белинде 25 000 сомдон жогору экен. Мунун баарын администратор же директор башкарат.

Бишкекте генералдык план түзгөн, коммуникация киргизип, жолдорду салган бир дагы компания жок. Алар үчүн алгач сөөктөдү талаага ыргытып андан соң гана бир нерсе чечүүгө аракет кылып баштаган жеңил жана пайдалуу.

Кадастр аркылуу мыйзамдаштырса болот, бирок…

Кадастр менен болгон окуя: апасынын мүрзөсүнө келген кыз ал жайдын тосмолору сындырылып, анын жанына башка киши көмүлгөнүн көргөн. Администрацияга барганда ага: “орун жок болуп, ушул жерден бөлүп бердик” дешкен. Бирок ал жер тосулганын айткан кызга администрация бул иш үчүн эч кандай юридикалык статуска ээ болбой турганын билдиришип, себебин кадастрда жок экени менен түшүндүрүшкөн.

Жалпылап айтканда, ал кыз эстеликти сындырып баарын алып чыгып кеткен. Ушундан соң администрацияга башка аял келип: “Силер эмне*** (көөп кеттиңерби-ред.)? Менин апамдын көрүстөнүн сындырып кетишиптир”-деди. Натыйжада алар отургучтардын баарын сындырып кетишкен. Соттошушту.

Сот бул формалдуу эмес окуяны карап чыкты. Бул мүрзө юридикалык объект катары каралбаптыр. Администрация эмненин негизинде бул жерлерди берип жатканы белгисиз. Сот бул жерде кимдики туура кимдики ката экенин эмнеге таянып аныкташы керек эле?

Сөөк көмүү бизнесинде дагы бир майлуу-сүттүү жери бар. Бул жерде бийлик менен бизнес биригип алышып коррупциялык схема түзүшкөн.

Бул оңдоо иштери. Ал үчүн тендерлер өткөрүлүп, каражаттар бөлүнүүдө. Мүрзөлөрдү оңдошууда. Бул жерде баары түшүнүктүү болду деп ойлойм!

Кызык, балким бир фирма адамдын өлүмүнөн кача табарын санап көрөбүз? Мисалы, айына 100 сөөктү жашырган фирма бар дейли. Баардык кызматтарын кошкондо орточо 25–30 миң сом алсын. Демек айына 2,5 млн сом табат экен. Эми эң кызыгы инфраструктураны кароого кирешенин көп бөлүгү кетет деши мүмкүн, бирок бул иштер жасалып жатканына күмөнүбүз бар. Ушул эле каражаттан унаа чыгымдары жана башка чыгымдар алынат. Агенттиктер айына 8–10 маркумду акыркы сапарга узатышат.

Жетекчи муну бизнес катары карабайт. Ага эң башкысы схема бузулбашы керек. Себеби адамдардын өлүмү дайыма болуп турат. Демек, өлүктү ташыгандар, көр казгандар үчүн дайыма жумуш болуп турат.

Ритуалдык кызматтар рыногу монополдошуп кеткен. Эч ким “ачык” териштирген жери жок, бирок кандай болгон күндө дагы баарынын оозун жаап коюшкан.

2016-жылдын май айында Москвадагы ири мүрзөлөрдүн биринде массалык мушташ катталган. Ага 400гө жакын адам катышкан. Укук коргоо органдары 112 адамды кармашкан.

Кошумча: Хован көрүстөнүнүн аймагын кайра бөлүштүрүү аракетинен улам уруш чыккан. Тергөөнүн маалыматына ылайык, мүрзөнүн директору тажик мигранттарынын кирешесинин 50%ын өзүнө алып турууну каалаган.

Сөөктү акыркы сапарга узатуу бизнеси бул көйгөйлөр комплекси. Эрежелер жок, каттоолор жок. Мамлекет азырынча мыкты мыйзам жаза элек.

Түзүм он жылдардан бери колдоого алынган эмес, ошол эле учурда мамлекет бул ишти жеке адамдарга бергиси келбейт. Өзү жасай албайт, башкага бергиси келбейт.

Бирок жөнгө салуу менен эле баары ордуна келип калат деп айтуу да кыйын. Себеби көпчүлүк мындан киреше таап көнүп калган.

Мисалы Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө жеке өлүккана ачууга болбойт. Мисалы, жеке өлүккана ачылса депутат мыйзам жазат дагы анын ишмердүүлүгүн чектеп коет. Балким ал депутат өз мыйзамдары менен маркумдарды өзүнүн өлүкканасына гана алып барышкандай кылып коет.
Жалпылап айтканда адамдардын өлүмүнөн акча табууну көздөгөндөргө сөз жок. Ал эми Кыргызстанда болсо сөөктү акыркы сапарга узатууга 10 миң долларга чейин каражат кетет. Жаныңда өлүм турганда адилеттүүлүк тууралуу айтууга да ооз барбайт экен.

Сүрөт: Интернеттен алынды

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости