Кымыз бизнеси:
Кымыз – бул ички туризмдин жаңыдан кулачын жая баштаган бир түрү. Акыркы он жыл ичинде кадимкидей бул тармакта шарттар жакшырып атайын эс алуу жайлар, комплекстер ачылган. Көпчүлүгү бээнин сүтүн ичем деп Чүй облусунун четиндеги тоолорго ошондой эле, Суусамыр, Нарын өрөөндөрүнө арбын келишет. Азыркы убакта адамдар кымызды чакан бизнеске айлантып алышкан. Анткени жаратылышка суктанып келген туристтер менен катар шаардыктардын көпчүлүгү жай алды менен бээнин сүтү менен кымыз ичүүгө шашылышат.
Кирешеси:
Жакында жай мезгили башталат. Быйыл мал алып, жайлоого чыккан чабандардын көпчүлүгү бээ байлап кымыз жасашат. Мурун кымызды сатып киреше табуу эмес, жөн гана ичип суусунун кандыруу үчүн колдонулуп келсе, акыркы жылдары тескерисинче кымыздан киреше таап байыгандары да жок эмес. Малчылар күнүнө 120–150 литрге чейинки кымызды унаалардан борборду көздөй берип жиберишет. Дүкөн иштеткен соодагер менен келишип же дүңүнөн сатып ишкердик кылышат. Андан сырткары, той өткөргөндөр же Бишкекте жашагандар 40–50 литрге чейин буюртма беришет. Жайдын 3 айында жалпысынан 5тен 8 тоннага чейин кымыз сатылат. Мындай көлөм соодагерге 80 миңден 100 миң сом пайда алып келет. Айта кетчү жагдай ишкердикке шыгы бар ортомчулар жайлоодон литрин 30–40 сомдун тегерениде сатып алып, базарларда 50ден 80сомго, а түгүл мыкты кымыз деп 100 сомго чейин сатышат. Жыйынтыктап айтканда кымыз-бизнеси бир сезондо 1500дөн 2 миң долларга чейин киреше таап алууга мүмкүндүк берет.
Бермет Ибраимова 40 жылдан бери жылкы байлап кымыз менен ишкерлик кылып келет. жай айнынын башталышы менен күзгө чейин бээ байлап, кымыз жасап бир сезондо 80–90 миң пайда аларын айтат:
“Эгерде кымыз жакшы болсо, кардарлар да ошончо көп келет. Ал эми суу кошулуп чала жасалган кымыздын кардарлары да аз. Айыл тургундары, базарга алып чыгып сатуучу соодагерлер ишкерлер сатып алат. Көбүнчө бизден кымзыды сүйүп ичкендер алат. Өткөн жылы акыркы кымызды 50 сомдон сатканбыз. Быйылкы жылга да пайда таап калалы деп даярданып жатабыз. Тапкан кирешебиз турмуш тиричиликке кенен жетет”, — дейт Ибраимова.
Мына урматтуу окурмандар иштин көзүн билип, сөзсүз эле бир идея же көп акча болсо анан бизнес кылат элем дебей, каалоо болсо сезонго карап эмгек кылса болот. Кымыз бизнеси мамлекетке чоң пайда алып келбесе да “үй-бүлө кичинекей мамлекет” дегендей айрым адамдардын пайда, киреше таап жашоо-шартын ондоп алууга шарт түзөт. Маалыматтарга караганда үстүбүздөгү жылы Нарын облусу Түркияга кымызды экспорттоо боюнча келишим түзгөн. Максат ишке ашып, кымыз чет мамлекеттерге экспорттолуп калса өлкө экономикасына эбегейсиз салым кошору шексиз.
Маалымат ирээтинде:
Кымыз – бул бээ сүтүнөн ачытып, атайын ыкма менен даярдалган улуттук суусундук. Анын курамында белоктор, майлар, кальций, фосфор, сейрек кездешүүчү металлдардын микроэлементтери, В, РР,Н, С виаминдери жана аминокислоталар бар. Кымыз бээлер оттогон Кыргызстандагы чөптөрдүн түрүнүн көптүгүнө улам ушундай өзгөчө касиетке ээ.
Кымызда А, В, С витаминдери, сүт кислотасы, кант, минерал заттар, май, көмүр кычкыл газ болуп, алардын көптүгү жылкы оттогон жайытка жараша болот. Баса белгилей кетчү жагдай кымызда С витамини уйдун сүтүнө караганда үч эсе көп.
Дарылык касиеттери
Ар бир адам үчүн кымыз ичүүнүн жекече тартиби белгиленет. Бирок негизинен бул дарылык касиети бар суусундукту күнүнө беш маал ичүү кеңеш кылынат. Кымыздын эң чоң касиети – иммунитетти бекемдеп жугуштуу оорулардан сактаганында.
Пайдалары:
- Адамдын нерв иситемаларына жакшы таасир берет.
- Кургак учуктун таякчаларын өлтүрө турган табигый антибиотиктерге бай.
- Жүрөк-тамыр ооруларын алдын алуу жана дарылоо үчүн пайдаланылат.
- Адамдын ашказан-ичегилеринин иштешин жакшыртат.
- Кандын гемоглабинин көтөрүүгө жардам берет.
Кымыз менен дарылоо Орто Азия, Казакстан, Башкырстан жана башка жерлердеги санаторийлерде кеңири жүргүзүлөт. Ошондой эле, бул суусундук абдан баалуу болгондуктан чет элдик туристтерди дагы тартып келет.
Кыргызстанда кымыз менен дарыланууну сунуштоочу жайлардын эн арзан баасы 1000 сом болсо, эң жогорку баасы 7000 сомго чейин чыгат. Ал эми кымыздын наркы: 1 литри 80-сомдон 150 сомго чейин жетет.
Илгиз Жамалбеков