- Бул реестр бизге эмне үчүн керек? Бул боюнча соттолгон жана соттун өкүмү чыккан кишилер мындан ары мамлекеттик кызматтарга кайра орношуп албашы үчүн жана кайсы бир кызматка кирип албашы үчүн керек, - деди Сагынбаев.
Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргызстандын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” Коопсуздук кеңешинин чечимине 13-февралда кол койгон. Чечимдин долбоору 8-февралда президенттин төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.