Food Institute (GFI) коммерциялык эмес уюмдун түзүүчүлөрү адам баласы өстүрүлгөн этке өтүү керектигин билдирип келет. Компания стартаптарга колдоо көрсөтүп синтетикалык этти өндүрүүчүлөрдү АКШнын, Бразилиянын жана Кытайдын рыногуна алып чыгууга бел байлоодо.
Пробиркадан чыгарылган эттер кадимки эттерден бир топ арзан жана практика акыркы 4 жылда пробиркадан чыгарылган эттер баасы боюнча 30 000 эсеге арзан экенин көрсөткөн. Ал эми АКШда жана башка өлкөлөрдө бир нече стартаптар жасалма эт азыктарын массалык рынокко алып чыгууну пландап жатышат. Адамдардын лабораториялардан чыгарылган этке болгон мамилеси дагы өзгөрө баштады. Американын жашоочуларынын үчтөн бир бөлүгү бул азыкты тамагына колдонууга даяр.
Америкалык Good Food Institute уюму синтетикалык этти жаңы баскычка чыгарып, керек болсо азык-түлүктөрдүн азыркы классификациясын өзгөртүүгө камынууда. Америкада азык-түлүк өнөр-жайынын көпчүлүк өкүлдөрү лабораториялардагы синтетикалык азыктарды кабыл алуудан баш тартышууда. Ири компаниялар лабораторияларда пайда болгон сүттөрдү сүт азыктарына кошууга болбостугун, ал эми лабораторияда өстүрүлгөн тоокту эт деп саноого болбостугун билдиришүүдө.
Биринчи кезекте GFI эт азыктарынын сапаты төмөн болгон Бразилиянын жана Кытайдын рыногуна чыгууга аракет кылууда. Кытайда тиешелүү шарттар түзүлдү – себеби КЭРдин өкмөтү жашоочуларды этти аз колдонууга чакырды. Фридрих анын уюму өкмөттүн жана таасирдүү ишкерлердин арасынан колдоо издерин жашырган жок.
Колдонуучулар канчалык кызыгышпасын алар пробиркадан чыккан этти колдонуп, кадимки эттен баш тарта албай келишет. Австралиялык окумуштуулар жүргүзгөн сурамжылоо көрсөткөндөй АКШнын 79% жашоочулары лабораториядан чыккан эттер кадимки эт менен даамы жагына ат салыша албайт деп эсептешкен. Сурамжылоого катышкандар канчалык бай болсо, ала үчүн лабораториялык азыктар ошончо аз мааниге ээ болгон. Масштабдуу иликтөөлөр болбосо деле айрым компаниялар рыноктун ири бөлүгүн камтыганга аракет кылышууда. Өсүмдүк котлетин өндүрүүчүлөр Калифорнияда айына 454 тонна жасалма эт өндүрүүнү пландоодо.
Бүгүн мурунду көтөрүп, биздин өнүм экологиялык жактан таза деп айтып келебиз. Америкалык компания көп өлкөлөр менен келишим түзүп баштаса анда Кыргызстандын өнүмү 2 багытта өнүгө алат:
А)Табигый болгону үчүн эттин баасын жогорулатса болот;
Б) Ички рынокту төмөн баадагы эт менен камсыз кылса болот.
Кандай болгон күндө дагы жакынкы 5–10 жылда өлкө көнүп калган этин кадимки эле баада сатып алып турмакчы.