Айрымдары азыр ЖОЖдун саны көп, сапаты жок, “диплом өндүрүү” менен алек дешсе, кээлери дүйнөлүк деңгээлге саналуу гана ЖОЖдор жооп бербесе, калгандарынын аты гана бар дешүүдө. Бул – эл ичинде айтылган кептер, ал эми өлкөбүздөгү ЖОЖдордун рейтингин чыгарган атайын уюмдар жокко эсе.
Бирок калк арасында алардын кайсынысы оозго алынып жатканын жана жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен учурда кайсы ЖОЖдун дарамети күчтүү экенин билүүгө болот. Биз дал ушул иликтөөбуздө жогоруда айтылган пикирлерге жараша баардык кызыккан суроолорго жооп издедик.
Айтылып жаткан коомчулуктагы пикирлер, карапайым калкты кызыктырган суроолор боюнча Билим берүү жана илим министирлигинен жооп алдык.
- Жыл өткөн сайын төлөнгөн контракттык келишимдин баасы жогорулап жатат, бирок эмне үчүн ЖОЖдордо билим берүүнүн деңгээли төмөн?
–Билим сапаттын начар болушуна эки нерсе түрткү болууда. Биринчиси — мыкты мугалимди ишке тартуу үчүн айлык акы, каржылоо жакшы болушу шарт. Бизде ЖОЖдордун каржылоосунун 27% гана мамлекет эсебинде, калгандары контракттын негизинде ишке ашат. Контракттын негизинде алынган каражатты оңдоп-түзөө иштерине, мугалимдердин маяналарын көтөрүүгө жумшасын деп чечим чыгарганбыз. Сапаттын төмөн болушунун себептери ушунда деп эсептейбиз.
–Жакында 3–4 айдан кийин эле мектепти аяктаган абутриенттер келишет, бүтүрүүчүлөр үчүн Кыргызстандагы ЖОЖдордун салыштырмалуу рейтингин чыгардыңыздарбы?
–Билим берүү жана илим министрлиги 20-июлга чейин Кыргызстандагы мыкты окуу жайлардын рейтингин жарыялайт. Ал билим берүүнүн сапаты, илим, инфраструктура жана каржылоонун негизинде түзүлөт. Мындай иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча маалыматтар атайын сайтта жайгаштырылып турат. Ал эми былтыркы жылдын статистикасы боюнча студенттердин саны 199 миң болгон. Ал эми быйылкы жылы 16 миңге жетээри болжонууда.
Эң жогорку жана эң төмөнку контрактык төлөм канча? Анын канча пайызы бюджеттик орундардын түзөт?
–Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атайын токтому бекитилген. Анда окутуудагы акы төлөө көрсөтүлгөн суммадан кем болбош керек жана ашпашы да керек деген. Конрактты төлөө акысы боюнча Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясы эң жогорку баада турат. Баасы 60 миң сомду түзөт. Андан кийин Маалыматтык технолог болууну каалагандар Кыргыз Улуттук университетинде 27 миңден 30–35 миң сом төлөп окушу керек, бул адистик боюнча окуу жайда бюджеттик бөлүм каралган эмес.
Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети бюджеттик жана келишимдик негизде даярдайт, окуу акысы 30–35 миң сом. Кыргыз Техникалык университетинде да бюджеттик орун бар, ал эми келишимдик окуу акысы 39 миң сом. Ал эми жалпы Кыргызстан боюнча бюджеттик орундун саны 575 миң. Бул көбүн эсе педогогикалык окуу жайларга берилет. Юридикалык жана экономикалык окуу жайларга мындай бюджеттик орундар берилбейт.
Кайсы ЖОЖго жана кайсы адистикке суроо-талап көп, бул тууралуу коомчулуктан төмөнкү суроолор менен сурамжылоо жүгүздүк.
(Сурамжылоо жалпы 30 адамдан жана тиешелүү тармактардан алынып, төмөнкүдөй жыйынтык болду.)
-Кайсы окуу жайга тапшырууну каалайсыз?
Кыргыз- Түрк Манас университети. 40%
Кыргыз –Орус (Славян)университети 30%
Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети жана Ата-Түрк –Ала –тоо ‚Медициналык академиясына дегендер 20% ды түздү.
- Жогорку жана орто окуу жайлардын билим берүү сапатына жеке пикириниз?
Жакшы 20%
Орто 50 %
Начар 30 %
Ушундай пайыздык көрсөткүч менен сурамжылоо жыйынтык.
–Кайсы кесиптерге учурда суроо талап көп деп эсептейсиз?
Бул суроону жумуш берүүчүлөр менен иш издегендердин маалыматтары топтолгон job.kg сайтынын ээси Махабат Иманкуловага кайрылдык .Бул жакка жалпысынан жумуш издеп резюме калтыргандардын саны 83миң 700 гө жетти . Мындан сырткары жашыруун резюме калтыруу дагы бар, алар эсепке кирбейт.
Мында бухгалтерия тармагынын кызматкерлерине, каржы ишкана, салыктар, аудит, экономика, финансы жана кассирлерге суроо талап жогору. Андан кийинки орунга сатуучулар турат жана алардын ишин жүргүзгөн коомчулук менен байланыш адистери, маркетологдорго дагы талап күч деп ошол сайтка катталгандардын негизинде жыйынтыгын айтты.