• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстанда К2, К3 экологиялык класстагы автомобиль бензиндери менен дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу салуу киргизилүүдө

👁 587

Бүгүн, 21-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында КР айрым мыйзам актыларына (“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзамдарга”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Маалыматка ылайык, “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” мыйзамда атмосфералык абага физикалык таасирлер жана атмосфералык кубулуштардын жасалма өзгөрүүлөрү боюнча иш-аракетти жүргүзүүгө берилүүчү уруксаттын жок болгондугуна байланыштуу, бул мыйзамдын 21 жана 36-беренелерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү сунушталган. Ошону менен катар ЕАЭБдин стандарттарына ылайык келтирүү максатында бир катар түзөтүүлөр белгиленген. Башкача айтканда, атмосфералык аба дуушар болгон зыяндуу таасирди токтотууга багытталган өзгөртүүлөр сунушталган. Ага ылайык, Кыргызстанга К2, К3 экологиялык класстагы автомобиль бензиндери менен дизельь майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу салуу киргизилүүдө. Бул экологиялык класстагы күйүүчү майлардан дем алуу органдарына зыян келтирүүчү химиялык сера газы көбүрөөк чыгат. Анын кесепети дем алуу органдарын бара-бара ракка чалдыгышын шарттайт.

Талкууда КР Өкмөтүнүн өлкө аймагында сапаты төмөн күйүүчү майларды сатууга чыгаруу, пайдалануу мөөнөтүн 2019-жылдын 1-январынан тыюу салуу менен өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүчү заводдордон бир топ жумуш орундары кыскарып, өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнө бир топ каражаттар келбей калуу сыяктуу тобоколчиликтери жаралышы мүмкүндүгү айтылып, пайдалануу мөөнөтүн 2019-жылдын 12- августуна чейин узартуу өтүнүчү келтирилген каты келгендиги айтылды. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнөн мыйзам долбооруна дыкат жөнгө салуу таасирин талдоо жүргүзүү сунушталган каты келген.

Комитет мүчөлөрү КР Президенти менен КР Өкмөтүнүн Аппараттарынын ортосунда аталган маселе боюнча бирдиктүү пикир табылганга чейин мыйзам долбоорун 2-окуунун режимине кайтаруу чечимин кабыл алышты.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости