Бул темир-жол аркылуу жүк ташууга жаңы тарифтердин киргизилишине байланыштуу болууда.
Кандай болгон күндө дагы Орусиянын рыногунда күйүүчү майларга болгон баанын жогорулоосу байкалууда.
Бул нефтини өндүрүүнү кыскартуу келишимине кол коюлганына байланыштуу.
Өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Николай Чуйковдун билдиришинче, Нефтетрейдерлер ассоциациясы эки айга жеткидей күйүүчү майдын запасын камдап алышкан.
Өкмөт жакынкы арада баалар ушул бойдон сакталарын жана дүң баалар майдын баасына таасир бербейт деп эсептейт.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндөгү негизги милдет жазгы талаа иштерине керектелчү майды камсыздоо зарылдыгын белгиледи. Быйыл айыл-чарба иштерине 100 миң тонна дизель майы жана 26 миң тонна бензин керектелери аныкталган.
Монополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги күйүүчү майлоочу майларга болгон баанын жогорулоосун болтурбоого жол табуу боюнча тапшырма алды. Ал эми Экономика министрлиги жазгы айдап-себүү иштерине майды арзан баада сатып алуусу керек.
Америкада нефтини өндүрүүнү кыскартуу боюнча ОПЭК келишимине кол койгону менен жаңы мунай казуучу жерлерди ачууда. Бул дүйнөлүк баанын арзандашына алып келет, бирок Кыргызстанга май жеткирүүчүлөр үчүн нефтини өндүрүүнү кыскартуу боюнча кол койгону пайдалуу.
2-кварталдын акырына чейин өндүрүү көлөмдөрү азаят жана 2017-жылдын күз айларына чейин күйүүчү-майлоочу майлардын баасы ай сайын 3 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулап турмакчы.