• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстанда ишкердикке кайдан акча тапса болот?

zoloto-rossyipi-dobyicha-1-nelegalnaya-dobyicha

👁 1,497

Биз Кыргызстанда акча табуу кыйын деген сөздү көп эле угуп келебиз. Бул сөз абдан тааныш. Эч кандай аракет кылбастан эле даттанып, ар кандай шылтоо табуу оңой.

ЭКОНОМИКА бул маселенин чечилүү жолун тапканга аракет кылып көрдү.

Кайдан акча тапса болот?

Биринчи кезекте – бул экспорттук ишкердик (айыл-чарба өнүмү, жеңил өнөр-жай жана экспортко кетүүчү товарлар).

Эми ишкердик үчүн каражатты кайдан алса болорун карап көрөлү.

А) Өнөктөштөрүңүз менен биргеликте акча чыгарсаңыз болот. Бирок ишкер өнөктөшүңүз болсо ишкердик баштоо алдында бул макаланы окубайт да болчусуз. Демек, сизде жана өнөктөшүңүздө ишкердикти баштоого жетерлик каражат жок дейли.

Биринчи тандоо бул экспортту камтыган бизнеске артыкчылык берген жергиликтүү кыргыз банктары. Бул кирешени валютадан табуучу бизнес, ал эми чыгаша сом менен болот. Банкирлер сом өз наркын жоготуп, доллардын курсунун көтөрүлүүсүн күтүшөт.

Банкирлер өнүм валютага сатылып жатканы ар дайым кызыкдар. Бирок банк тарабынан каржылоонун олуттуу чектөөлөрү бар:

1) Банктар үчүн сатып жиберүүгө ыңгайлуу болгон күрөө керек. Ушул жерден чоң маселе чыгат. Себеби сиз кандайдыр бир товар чыгаруучу цех ачып, ишиңиз жүрушпөй калса бул цехтин эч кимге кереги жок болуп калат. Аны ижара акысынын баасында сатып алуулары толук ыктымал.

Сиз акча таба албаган жабдуулардын кимге кереги бар? Ким аны сатып алат? Темирге өткөрөсүзбү? Эгерде сиз айыл-чарба өнүмүн чыгарып жатсаңыз анда күрөөгө эмне бере аласыз? Эч нерсе. Бул банктан насыя алуу учурунда пайда болгон биринчи тоскоолдук.

2) Банктар сиз бул ишти баштаарда каражаттын көп бөлүгүн өзүңүз чөнтөгүңүздөн чыгарып, ал эми банк болсо жетпей жаткан бөлүгүн гана беребиз деп күтүшөт. Бул бул бизнести баштоодо сиз чыгымдын 40–50%ын өзүңүз жабууңуз керек дегенди билдирет. Эгерде бул каражаттар жок болсо банкка кайрылуунун зарылчылыгы деле жок.

3) Банктарда калыптанып калган көрүнүш, бул банктар ишкер катары эмес банкир катары ойлонушат. Каражатты бизге кайрып берет деген кепилдик барбы, бизнеси күйүп кетпейби деп ойлонушат банкирлер.

Б) Эгер сиздин долбоор инновациялык болсо, анда бул банктар үчүн эмес. Банк муну караган менен эч кандай пайда чыкпайт. Эгер өлкөдө буга чейин бул долбоорду эч ким ишке ашырбаган болсо демек банктарга баруудан майнап чыкпайт.

Каражат табуунун экинчи булагы – бул артыкчылыктарга ээ болгон айрым долбоорлорду каржылоочу атайын фонддор. Бул жерде сөз кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тууралуу болуп жатат.

Тилекке каршы фонд 20 млн сомдон башталган арыздарды гана карайт, а башка сумманы банк аркылуу алса болот. Банктар фонддон каражат ала алат, бирок бул жерде кайра эле банктар менен иш алып барууга туура келет. Бул жерде фонддун алдында жооп бериши керек болгон банктардан акча алгыча жөнөкөй эле коммерциялык банктан каражат алуу алда канча оңой эмеспи.

Үчүнчүдөн сиздин экспорттук ишкердигиңизди каржылоонун эң эле перспективдүү булагы сиздин башка өлкөдөгү өнөктөшүңүз. Бул сиздин товарды сатып алууга даяр болгон адам болушу ыктымал.

Алар сиздин ишкердигиңизде баары жакшы болушуна кызыкдар жана көпчүлүк учурда алар товарларды үзгүлтүксүз алуу үчүн насыя берүүгө же каражат берүүгө даяр болушат.

Кыргызстанда бул иш кандайча ишке ашары тууралуу мисалдар бар. Мисалы бул “Магнит” деп аталган орус тору. Алар бул жактан сатып алуучуларды дайындап коюшкан. Сокулук тарапка бара жатканда чоң-чоң складдарын көрүүгө болот.

Алар дыйкан чарбасын каржылап, сезондун алдында каражат берип коюшат дагы, сезон соңуна чыкканда аларга эмне керек болсо, ошол нерсени бул жактан даярдап беришет. Болбосо алардын иши токтоп, Орусия боюнча планын аткара албай калышат.

Алар банкирлер сыяктуу ой жүгүртүшпөйт, алар соодагер катары ойлонушат. Ошондуктан сиз өзүңүздүн баардык талаптарыңызды айта аласыз, алар банктарга караганда жумшак келишет. Ошондой эле алар күрөө талап кылышпайт, алар кепилдүүлүктү талап кылып, көбүнчө кирешеңизден бөлүшүүнү самашат.

Эгерде сиздин кирешеден бөлүшүүнү кааласа сиз кубануу менен муну кабыл алууңуз зарыл деп эсептейбиз, себеби бул насыяны алууда жалгыз эмес экениңизден кабар берет. Себеби насыя берүүчү сиздин ишиңиздин алга жүрүүсүнө кызыкдар болот.

Эгерде банктар карыз алуучунун ишкердүүлүгүнө кээ бир убактарда эле, насыя берүү үчүн пара алуу менен эле катышпаса, экспорттук каржылоодо бул көрүнүш дайыма болот жана боло берет.

Каржылоонун кийинки булагы. Эгерде сиз экспорттук өнүм чыгарып, бирок ага керек болуучу жабдууларды импорттоп алып жатсаңыз, анда каржылоонун бир булагы жабдууну чыгаруучу болуусу ыктымал. Болбосо жабдууну жеткирип берүүчү мамлекеттик банктар болуусу мүмкүн. Бул банктар көбүнчө “өнүктүрүү” же “экспортту каржылоо” банкы деп аталат.

Көпчүлүк мамлекеттер жабдууну чыгаруучуларды уюшкандуулук менен колдоп турушат. Себеби көпчүлүгү эле жабдуу үчүн керек болгон сумманы төлөй албайт. Жабдуу Кытайдан же Түркиядан эмес Европадан чыгарылган болсо андан да татаал.

Жабдууларды кыргыз рыногунда сатуу татаал болгондуктан алар “экспорттук каржылоо” жолун тандашат.

Эгерде сиз өзүңүзгө кандай жабдуу керек экенин билсеңиз алар менен байланышып, аны бөлүп төлөө жолу менен алса болобу тактап алсаңыз болот. Балким алар сизге өзүнүн чет элдик лизинг компаниясына кайрылуу тууралуу кеңеш беришет.

Кыргызстанда тилекке каршы, лизинг компаниялары өнүккөн эмес, ал эми жабдууларды чыгаруучу чет элдик лизинг компаниялары бир топ өнүккөн. Тилекке каршы, акция чыгарып, аларды биржага жайгаштыруу менен ишкердик үчүн каражат табуу бүгүнкү күнү Кыргызстанда жомок.

Көз карандысыздыктын 25 жылында Кыргызстан жергиликтүү ишкердик өнүктүрүү рыногунан каражат тартуу аянтын түзө алган жок.

Мисалы, Кыргызстандын биржа фондунун маалыматтары: 

2016-жылдын III кварталы ОАО АИФ « Ала-Тоо-Инвест »

–Эмитенттин толук аталышы: “ Ала-Тоо-инвест” Акционердик инвестициялык фонд, Ачык акционердик коому

–Эмитенттин кыскартылган аталышы ОАО АИФ « Ала-Тоо-инвест»

–Уюмдун укуктук формасы: Ачык акционердик коому.

–Эмитенттин юридикалык жана почта дареги, телефон номери жана факс номери: Бишкек шаары, Чүй проспекти 315.,к. 803. т.65–34-00

–Эмитенттин негизги ишмердүүлугү: инвестициялык ишмердүүлүк.

Фонддун жетекчиси: А.Чынгышев, башкы эсепчи: К.Токтотемиров

Отчеттук кварталда эмитент тарабынан алынган карыз каражаттар 0

Отчеттук кварталда дочердик коомдор тарабынан тартылган карыз каражаттар 0

Отчеттук кварталда эмитенттин узак убакытка берген салымы 9771781

Отчеттук кварталда эмитенттин кыска убакытка берген салымы 3511001

Баалу кагаздын түрлөрү Бир баалуу кагазга болгон кирешенин көлөмү

Баалу кагаздар аркылуу түшкөн кирешенин жалпы суммасы

жөнөкөй 16=48 1648778=53

Коом менен келишим түзүүгө кызыкдар болгондор үчүн келишимдин шарттары тууралуу маалымат жок.

Кыргыз биржа фонду жергиликтүү экспортко багыт алган ишкерлер үчүн каражат тартуунун куралы болот деп ишеним артып туралы. Себеби бул каражат тартуунун эң пайдалуу жолу жана ал үчүн акча төлөп кереги жок. 

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости