• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстанда ири IT компаниялардын эфективдүү платформасын түзүү керек

11

👁 589

КРнын Премьер-министри Сапар Исаков Казакстан Республикасынын Алматы шаарында санариптик трансформация жаатындагы алдыңкы эл аралык эксперттер жана Дүйнөлүк Банк өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга «Gatrner» башкаруучу вице-президенти Андреа Ди Майо, Великобритания Өкмөтүнүн технологиялар боюнча кеңешчиси, «Digital –5» координатору Лиам Максвелл, Дүйнөлүк Банктын ИТ жана электроника багытынын жетекчиси Данил Керими, Дүйнөлүк Банктын аймактык директору, Борбор Азиядагы, Азербайжан жана Монголиядагы IDC аймактык директору Андрей Беклемишев, Дүйнөлүк Банктын санариптик стратегия боюнча глобалдык лидери Рандип Судан катышты.

Өкмөт башчы Сапар Исаков «Таза Коом» программасын ишке ашыруунун негизги баскычтары жана өлкөнү санариптештирүүнүн алгачкы жыйынтыктары жана пландары тууралуу айтып берди.

«Бизде санариптештирүүнүн көмөгү аркылуу Кыргызстандын бардык тармагында чоң өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жакшы мүмкүндүк бар. Бизде убакыт тар, дүйнө жүзү өнүгүү максаттарына жаңы технологиялар аркылуу жетишүүдө. Алар билим алууга жана маалыматка жеткиликтүүлүктү ыкчамдатат жана жеңилдетет. Биздин мамлекет чоң эмес, сапаттуу билим берүү, жарандарыбыздын мүмкүнчүлүгүн күчтөндүрүү Кыргызстандын алга жылуусуна чоң түрткү берет», – деп белгиледи Премьер-министр.

Рандип Судан белгилегендей, республикада ишке ашырылып жаткан «Таза Коом» программасы жана анын максаттары жакшы таасир калтырат.

«Бул өлкө Өкмөтү тараптан жасалган жакшы демилге. Эми «Таза Коом» алкагындагы бардык долбоорлорго инновациялык чечимдерди табуу зарыл. Кыргызстан ири IT компаниялар үчүн инновациялык чечимдерин ишке ашырууда натыйжалуу платформа болуусу керек», – деди эксперт.

Андрей Беклемишевдин айтымында, IDC компаниясы мыкты дүйнөлүк тажыйбалар менен бөлүшүүгө жана маалыматтык технологиялар жаатында зарыл көмөк көрсөтүүгө даяр.

«Кыргызстанда бардык долбоорлор өтө тездик менен, анын ичинде санариптик программаларды ишке ашыруу жаатында да ыкчам ишке ашырылууда. Бул абдан кубанычтуу», – деди ал.

Өз кезегинде Лиам Максвелл кошумчалагандай, санариптештирүү так экономикалык натыйжа берет жана мамлекетик башкаруунун жана жалпы коомдун ачык-айкындуулугуна чоң салым кошуу менен калктын бийликке карата ишеним деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт.

«Кыргызстан жыйынтыкка багыт алуу менен ыраттуу кадамдар аркылуу прогресске жетишүүсү керек», – деп эсептейт Великобритания Өкмөтүнүн технологиялар боюнча кеңешчиси.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле маалыматтык технологиялар жаатындагы кызматташтык, санариптештирүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасы жана аталган тармактагы башка маанилүү багыттар, бажы жана салык тармактарындагы реформаларды жүргүзүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар IT технологиялар боюнча компетенциялык борборлорду уюштуруу келечеги, мамлекеттик башкаруу, санариптик трансформациядагы бизнестин ролу жана жаңы рынокторду түзүү маселелерин көтөрдү.

«Санариптештирүү бизнестин катышуусуз ишке ашырылбайт. Биздин алдыбызда маанилүү милдет – бизнес-коомчулукка инновациялык жаңы рынокту, ошодой эле жумушчу күч рыногун түзүүгө көмөктөшүү керек. Бизге жогорку санариптик компетенциясы бар адистер керектелет, буга катар калкын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу зарыл», – деп жыйынтыктады Премьер-министр Сапар Исаков.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости