КРнын Экономика министри Артем Новиковдун айтымында, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн экономикасында ийгиликтер көп болду. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, ички дүң продукциясынын көлөмү 493,3 млрд сомду түзүп, өлкө экономикасынын өсүшү 4,5 % түздү (2016-жылы реалдуу өсүш 103,8% болчу).
“Кумтөр” кенин эске албаганда ИДПнын реалдуу өсүүсү 104,5 % болгон. 2016-жылы бул көрсөткүч 103,7 % болчу.
Экономикалык өсүш жана ИДПнын көлөмү боюнча өсүш тууралуу божомолдор толугу менен аткарылды. ИДПнын болжолдуу көлөмү 494,0 млрд. сом болсо, бул көрсөткүч факт жүзүндө 493,3 млрд. сом болду.
Бул көрсөткүчтөргө тышкы жана ички факторлор таасир берди. Ички факторлорго төмөнкүлөрдү киргизсе болот.
2017-жылы дүйнөлүк экономика 2014–2016-жылдарга салыштырмалуу 3 % өскөн. Буга өнүккөн өлкөлөрдөгү өсүш таасир берген – АКШда 2,3 %, Европа биримдигинде 2,5%, Индияда 7,1 %, кытайда 6,9%. Акыркы эки өлкөдө өсүш аналитиктердин жана эл аралык институттардын күткөнүнөн дагы жогору болду.
КРнын соода боюнча өнөктөштөрүндө дагы экономикалык активдүүлүк байкалган (Орусияда өсүш 1,5 %, Белоруссияда — н2,4 %, Казакстанда – 4,0 %, Арменияда – 7,7 %). Аталган мамлекеттерде киреше өсүп, адамдардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогорулаган.
Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу коңшу өлкөлөр менен жаңы рыноктун ачылуусу дагы оң таасирин берген. Бул өлкөлөрдө экономикалык өсүш 105,5 % жана 107,1 % болгон. Өзбекстан менен болгон товар айлануу 60% (310 млн доллар), Тажикстан менен болгон товар айлануу 36,9 % (38,8 млн доллар) жогорулаган.