6-октябрда, Алмазбек Атамбаевдин коңшу өлкөгө болгон сапары маалында Өзбекгидроэнерго ишканасы менен Кыргызстандын Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Ошондой эле Атамбаевдин сапары маалында тараптар биргелешкен дагы беш документке кол коюшту. Алардын арасында Кыргызстандан Өзбекстанга 2017–2018-жылдары электр энергиясын жеткирүү келишими, Жалал-Абад облусундагы Орто-Токой суу сактагычын чогу пайдалануу, аба транспорту жана эл аралык автомобиль байланышы тууралуу макулдашуулар бар.
Андан тышкары мамлекет башчылар 1-декабрга карата чек аранын калган 15%ын толугу менен чечүү боюнча макулдашты.