Бул маселе туура көтөрүлдү. Ишке ашып кетсе билим берүү тармагыбы, туризмби, коррупция менен күрөшүүдөбү, салык кызматындабы, МАИ кызматындабы айтор экономикалык ар кыл жолдордо иш алып барууда оң натыйжасын бермек. Албетте мындай долбоорду ишке ашыруу даярдыкты, мобилдүү адамдык ресурстардын болушун талап кылат. Кыргызстанда документтерди электрондук түрдө жүргүзүү, электрондук өкмөт түзүү, милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кыла турган “Коопсуз шаар” долбоор көп жылдан бери айтылып, ишке ашпай келет. Кыргыз бийлиги дал ушундай кырдаалды «Таза коом» долбоору аркылуу жөнгө салабыз деп үмүт артып турат. Экономикалык санарип тууралуу Кыргызстандагы экономисттердин пикирин “Экономика” сурап көрдү.
Айылчы Сарыбаев, Экономика, илимдеринин доктору, профессор:
–Цифралык экономикага өтүү деп айтсак туура болот. Цифралык экономикага өтүү албетте абдан жакшы нерсе. Бул жакшы максатты алдыга койдук. Эми ишке ашыруу үчүн жакшы аракеттер керек. Ал үчүн мамлекет башында билимсиздер эмес билимдүүлөр отурушу керек. Цифралык экономиканы эмес, жөнөкөй экономиканы түшүнбөгөн адамдарды мамлекет башына койбой тескерисинче өткөн экономиканы, азыркы экономиканы, дүйнөлүк экономиканын да цифралык экономиканын дагы айырмасын билген билимдүү адам иш алып барса цифралык экономика ишке ашат. Тескерисинче тотугушча билген адамдардын сөзүн кайталай берсе бул идея ишке ашпайт.
Жумакадыр Акенеев, Экономист:
–Чынын айтканда азыркы мезгилдин талабы. Азыр ким биринчи экономикалык санарипке өтсө ошол утат. Жапондуктар болсо мындан 50–60 жыл мурда өтүп, азыр Жапония дүйнө жүзү боюнча үчүнчү орунда. Ошон үчүн эч кандай кен байлыктары жок эле өнүгүп кетишти. Жапонияда туруп Америкадагы, Германиядагы, Түштүк Кореядагы машина чыгаруучуларга долбоорлорду берип жатышат. Бизде дагы жогорку окуу жайлардын саны көп, кесипчилик окуу жайлар, колледждерибиз бар. Ошол окуу жайларда ай-ти кызматын өздөштүргөн жаштарды тарбияласак экономикабызга киреше булагын толтурууга абдан чоң жардам болмок. Экинчиден, биздин балдар ойлоп табууга, илимге жакын. Мен ойлойм, кара жумушка иштебей интернет аркылуу ар түрдүү жумуштарды аткарып, өзгөчө ай-ти технологиянын тилин түшүнүшсө келечектери кеңири болмок.
Үч жыл мурун биздин өндүрүүчүлөр 120миллионго бааланган иштерин аткарышты. Экинчи жылы үч жүз миллион, былтыр болсо 100млн сомго аткарды . Эмки жылкыга шарт түзүп берсеңер үч миллион долларлык азыктарды чыгарабыз деп жатат. Ошолорго тиешелүү салыктарды төлөтүп, керек болсо Кумтөрдүн кирешесинен жогору киреше тапса болот.
Искендер Шаршеев, Экономика серепчиси:
-Бийликтин санариптик өкмөт курушуна жакшы карайм. Өзүм 2012–2014-жылдары экономикалык стратегия жазышканга жардамым тийген. Ошол стратегия өкмөттү алдыга жылдырат деп ишенем.
Андан сыркары мурда кесипкөй адистер жетишпесе, азыр адистер жетиштүү болду. Кээ бир мамлекеттик ишканалар санариптик өкмөт жасаганга жакшы көмөк көрсөтүп жатышат. Ичинде жакшы таланттуу балдар да пайда болду. Аткарганга болот деп ишенем.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА