Ишке ашып кетсе билим берүү тармагыбы, туризмби, коррупция менен күрөшүүдөбү, салык кызматындабы, МАИ кызматындабы айтор экономикалык ар кыл жолдордо иш алып барууда оң натыйжасын бермек. Албетте мындай долбоорду ишке ашыруу даярдыкты, мобилдүү адамдык ресурстардын болушун талап кылат. Кыргызстанда документтерди электрондук түрдө жүргүзүү, электрондук өкмөт түзүү, милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кыла турган “Коопсуз шаар” долбоор көп жылдан бери айтылып, ишке ашпай келет. Кыргыз бийлиги дал ушундай кырдаалды «Таза коом» долбоору аркылуу жөнгө салабыз деп үмүт артып турат. Экономикалык санарип тууралуу Кыргызстандагы экономисттердин пикирин “Экономика” сурап көрдү.
Айылчы Сарыбаев, Экономика, илимдеринин доктору, профессор:
Жумакадыр Акенеев, Экономист:
Экономикалык санарипке кирүү туура жол. Премьер айткан идея абдан туура сөздөр.
Үч жыл мурун биздин өндүрүүчүлөр 120миллионго бааланган иштерин аткарышты. Экинчи жылы үч жүз миллион, былтыр болсо 100млн сомго аткарды . Эмки жылкыга шарт түзүп берсеңер үч миллион долларлык азыктарды чыгарабыз деп жатат. Ошолорго тиешелүү салыктарды төлөтүп, керек болсо Кумтөрдүн кирешесинен жогору киреше тапса болот.
Бул жалаң эле Кыргызстанда чектеле турган иш эмес. Бул бир түрдүү эле эмес ар түрдүү экономиканын өсүп өнүгүүсүнүн келечеги. Биздин балдар ар түрдүү олимпиадаларда орун ээлеп жатышат. Окуу жайлар Кудайга шүгүр коңшу мамлекеттерге карганда жакшы. Өзбекстан, Тажикстанга, Түркмөнстанга салыштырмалуу санариптик экономика менен экономикабызды алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Искендер Шаршеев, Экономика серепчиси:
-Бийликтин санариптик өкмөт курушуна жакшы карайм. Өзүм 2012–2014-жылдары экономикалык стратегия жазышканга жардамым тийген. Ошол стратегия өкмөттү алдыга жылдырат деп ишенем.
Бир гана жетиштүү түрдө саясий эрк керек. Анткени бул жерден билесиздер бүт маалымат ачыкка чыкканда корупция жасоо кыйынчылыка учурап калат. Ошон үчүн көп жылдан бери электрондук экономиканы курганга каршылык катуу болуп келет.
Андан сыркары мурда кесипкөй адистер жетишпесе, азыр адистер жетиштүү болду. Кээ бир мамлекеттик ишканалар санариптик өкмөт жасаганга жакшы көмөк көрсөтүп жатышат. Ичинде жакшы таланттуу балдар да пайда болду. Аткарганга болот деп ишенем.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА