Буудайдын түшүмү 7%га же 654 000 тоннага азайган. Казакстандан жана Орусиядан жогорку сапаттуу буудайдын алынып келип жатканына байланыштуу эгин эгүү бир топ азайган.
2016-жылы өлкөнүн агрардык тармагында иштегендер үчүн оор болду. Жаздын жана жайдын жаанчыл болуусу көпчүлүк дыйкандардын түшүмүнө терс таасирин тийгизди.
Ал эми жер семирткичтердин өз убагында колдонулбаганы же каражаттын тартыштыгынан такыр эле колдонулбаганы болсо түшүмдүн аз болуусуна, айры жерлерде такыр эле жок болуусуна алып келди.
Түшүмдүн азайуусунун негизги себеби дыйкандардын агротехнологиялар менен таныш болбогондугунда.