Бул жаштардын өлкөдөн сыртка, чет жакка иш издеп кетишине түрткү болуп жатканы жашыруун деле эмес. Бирок, айрым адистер кыргыз жаштары үчүн Кыргызстандын ичинде эле ойдогудай жумуш таап, келечегин ушул жерден куруп, өлкө экономикасына салым кошсо боло турганын айтышат.
Бишкекте Жаштар эмгек биржасы ар бир айдын тогузунчу күнүндө жумуш жарманкесин өткөрүп турат. Бирок, бул жерге иш карап келген жаштардын көпчүлүгү орто билимдүү улан-кыздар. Алардын баары эле биржада талап кылынган жумуштарга туура келе бербейт. Жумуш издеген жаштар арасында ишке орношууга тоскоол кылган жагдай тажрыйбанын жоктугу. Ушундай шылтоо менен иш берүүчүлөр жаштардын иштейм деген үмүтүн четке кагып коюшат.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова тажрыйба топтоп, көйгөйдөн чыгуунун жолдору көп экенин айтат.
Адистер жаштар арасындагы жумушсуздукка кесип тандоодогу жаӊылыштык дагы абдан терс таасир этээрин билдиришти. Себеби, көп учурда айыл жергесиндеги жаштарга кесип тандоо боюнча маалымат жакшы жетпейт. Ошондон улам заман талабына карабай, жаштардын көпчүлүгү баягы эле юрист, экономист, банк кызматкери сыяктуу “модалуу” кесиптерге качырышат. Бул боюнча Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсынын төрагасы Улук Кыдырбаев өз пикирин мындайча билдирди:
“Илгертен бери эле ата-энелер тандаган “модный” деген эки кесип бар. Бул юрист жана экономист. Бирок, чындыгында юридикалык же экономикалык факультетте окуган студенттерден келечекте алган кесибиӊер эмне жөнүндө деп сурасак, тилекке каршы 90% ы бул суроого жооп бере албайт. Чындыгында аларда окуп жаткан адистиги боюнча түшүнүгү жок экен.
Азыркы учурда Кыргызстандын эмгек рыногунда үй куруучуларга, ширеткич, жыгач усталарга суроо-талап жогору. Бирок жаштар мындай кесипти аркалагысы келбейт же түшүнүгү жок. Эгерде ар бир аймактагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоодо кеп-кеңештер берилип, кийин окуусун аяктагандан кийин дароо жумуш таап кете ала турган кесиптерге багыт берилсе, өлкө экономикасына чоң жардам болот. Жаштар туура эмес кесип тандап алгандыктан, өз багыты менен окубай, жумушсуздук проблемасы келип чыгууда”.
Жумушсуз жүргөн жаштардын дарегине көптөгөн сындар айтылганы менен, аларды деле күнөөлөп болбойт. Анткени мектептен алган начар билим жаштардын ойдогудай кесип тандоосуна жана билимин улантуусуна терс таасир этет.
Ошондуктан мектепте билим берүүнү жакшыртып, окуучулардын билим сапатын көтөрүү зарыл экенин ЖИА Бизнес ассоциациясынын аймактар боюнча иш алып барган координатору Руслан Акматбек мындай дейт.
Учурда жумуш караштырып, иш таппай жүргөн жаштар арасында дипломдуу адистер да аз эмес. Алар өздөрү каалагандай жумушка орношуу үчүн так ошол дипломдо жазылган адистигине билими айкалышпаганы жолтоо кылат. Андай жогорку билимдүүлөр ишке орношкон күнү да тез эле эшик сыртында калышат. Ошондуктан сапатсыз адистерди чыгарган жогорку окуу жайларына талапты күчөтүү керек дешет коомчулук. Кыргыз Улуттук Университетинин Европа жана Америка мамлекеттеринин тарых кафедрасынын башчысы Айнура Арзыматова дагы ушундай көз карашты колдоорун айтат:
Негизи иш берүүчүлөрдүн баарына эле кызматкерлердин билими кызыктырбайт. Ишкер чөйрөдө кызматкерлердин адамдык сапатына дагы абдан маани берилет. Мисалы, ишкер Жылдызбек Базарбаев өзү жактырып кабыл алган кадрларды өз эсебинен окутуп, керектүү адистикке даярдап алат. Анткени кызматкерлердин адамгерчилик жана ак ниеттүүлүк сапаттары баардык доордо жогору бааланаары белгилүү. Ошондой эле, ал дипломго көп маани бербейт.
Жумушсуздук Кыргызстанда эң негизги көйгөйлөрдүн бири. Өкмөт жыл сайын жаңы орундарды түзүү менен жумушсуздардын санын азайтуунун үстүндө иштеп жатат. Мисалы, ушул жылдын март айында эле Бишкек шаарындагы Жаштар эмгек биржасына 639 адам жумуш издеп кайрылган. Ошондой эле, аталган мекеменин жардамы менен 309 адам жумушка орношкон. Аны менен катар эмгек биржасынын адистери 100дөн ашык уюмдарды жана ишканаларды кыдырып, өлкө боюнча 561 бош жумуш ордун такташкан.
Наргиза Өмүрбек кызы