Бул тууралуу министрлик жуманын башында кабарлады. Искра айыл өкмөтүнө караштуу Искра айылындагы 22 гектар жайыт жер цемент заводун курууга берүү сунушталууда.
Кант цемент-шифер заводу тууралуу дагы бир топ куру кыйкырыктар болгону эске түшөт экен. Анда дагы завод Канттын инфраструктурасын өнүктүрүп, бир топ жумушчу орундар түзүлөт деген сөздөр болду эле.
Ал күндөн бери бир топ күн өттү, бирок завод дагы деле араңдан зорго иштеп келет. Кантта болсо жумушсуздук дагы деле күч, ал эми өнүгүү тууралуу сөз кылып кереги жок.
Анда Бишкекке жакын болгон кичинекей айылдан эмнени күтсө болот?
Бул дагы бир узакка созулган курулуш болору анык.
Өлкөдө бир нече мунайды кайра иштетүүчү заводдор бар бирок алар дагы кирешелүү эмес.
Себеби Кыргызстандын экономикасынын келечегинде өнөр-жай тармагы тигүүчүлөрдөн сырткары өтө начар абалда. Балким кризис маалында адамдардын жакшы жашоосуна шарт түзүү үчүн башка реалдуу киреше түшчү тармактарга көңүл буруу керек болуп жүрбөсүн.
Мисалы, кластерди киргизүү менен жергиликтүү дыйкандарга экспорттун көлөмүн жогорулатууга көмөктөшсө болот, ошондой эле агрардык тармакта жана ал чарбачылыгында дагы.
Завод куруу өтө чоң чыгымдарды талап кылат жана аны сатуу маселеси дагы келип чыгат.
Жанында эле, бир нече чакырым алыстыкта Кант цемент заводу турганда өнүмдү каякка сатуу каралып жатат?
Биздин бийликтегилерге рыноктук реалдуулукту кабыл алып, туура чечим чыгарууну үйрөнүүгө убакыт келди.