Кыргызстанда учурда 9 алтын кени иштетилип жатат, андан тышкары дагы 5 кенди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов 7-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, 2018–2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү боюнча Программа иштелип жатат.
Ал Программа аймактардагы өнөр жайды өнүктүрүүгө шарттарды түзүү боюнча керектүү чараларды иштеп чыгууга багытталган, ошондой эле, шаарлардын өнөр жай аймактарында башкаруунун кластердик принциптерин киргизүү менен жумушчу күчтөрдү жайгаштыруу маселелерин камтыйт.
Уланбек Рыскулов билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 9 алтын кени иштетилип жатат, дагы 5 кенди ишке киргизүү пландалууда.
Өз кезегинде Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда жаңы өнөр жай объектилерин ишке киргизүүнү ылдамдатып, дүйнөлүк экономикалык коомчулукка интеграция болуу үчүн санарип технологияларга өтүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.