2018-жылдын 24-мартында Кыргызстандын аймагындагы миграция саясатын өркүндөтүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирет.
Мамлекеттик миграция кызматы тарабынан иштелип чыккан түзөтүүлөр квалификациясы төмөн болгон чет өлкөлүк жумушчу күчүнүн агып киришинен улуттук эмгек рыногун коргоону камсыздоого багытталган жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын биздин өлкөдөгү бош жумуш орундарын ээлөө укуктарын камсыздоо максатын көздөйт.
Колдонуудагы мыйзамдарга бир чарба жүргүзүүчү субъекттеги чет өлкөлүк жумушчулардын санын 20 пайызга чейин чектеген ченемдерди киргизүү каралган, чет өлкөлүк жумушчулар квотанын алкагында 1 жылга чейинки мөөнөткө эмгек миграциясына уруксат алышат. Аталган лимиттен ашып кеткен учурда жумуш берүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган эселенген мамлекеттик алым төлөөгө мажбур болот.
Ошол эле учурда жогорку квалификациялуу адистерди, анын ичинен инвесторлорду ишке тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт, алар эмгек миграциясына уруксатты жөнөкөй тартипте, 3 жылдык мөөнөткө, квотадан тышкары алышат.