Схема төмөндөгүдөй түрдө иштейт. Ишкер кредит алуу үчүн кыргыз банктарына кайрыла алат. Банктардын тизмеси: Кыргыз инвестициялык-кредит банкы (KICB), РСК Банк, Банк Компаньон жана Халык Банк Кыргызстан.
Кредит программанын баардык катышуучуларынын алдын ала макулдашуусу боюнча чех өндүрүшүнөн чыккан жабдыктарды сатып алууга гана берилет. Чехиядан жабдыкты сатып алууну Чех экспорт банкы (Chech Export Bank) каржылайт. Кредитти кайтарып берүүгө эки жыл мурда Россия берген акчага түзүлгөн Россия-Кыргыз өнүгүү фонду кепилдик берет.
Кредит доллар түрүндө берилет. Кредиттин өлчөмү – жылына 4%. Мөөнөтү болгону эки жыл. Баардык документтер юридикалык «аккредитив» түрүндө толтурулат.
ЭКОНОМИКАнын комментарийи
Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөр өз продукциясына талапты кредит берүү менен жогорулатат. Евробиримдик өлкөлөрү (Чехияны да кошкондо) – анын катарында.
Чех жабдыктары өтө деле арзан эмес: анын кытайда чыгарылганы бир топ арзан. Аны болгону эки жылдык мөөнөткө доллар менен сатып алуу ыңгайлуубу – ишкерлер өздөрү чечишет. ЭКОНОМИКА бул программа жергиликтүү банктар аталган кредитти сомго которуп, эки жылдан узагыраак мөөнөткө төлөө мүмкүнчүлүгүн бергенде пайдалуу болот деп эсептейт. Ансыз айланып келип эле техниканы Кытайдан сатып алуу ыңгайлуу болуп калат. Эмне үчүн Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Евробиримдиктен экспортко катышып жаткандыгы анчалык түшүнүксүз. Бул чех өндүрүшчүлөрүнө ыңгайлуу (фонд россиялык акча менен 100% жабдыктын баасын төлөп берүүгө кепилдик берет), бирок кыска мөөнөттүү валюталык кредиттер кыргыз бизнесмендерине ыңгайлуубу?