• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстанда быйылкы жайкы туристтик сезон кандай болот?

img_0729

👁 2,749

Май айынын келиши менен Ысык-Көл жана өлкөнүн бардык туристтик мүмкүнчүлүктөрү бар жайлар туристтер үчүн ачылды. Былтыр Кыргызстан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жарманкелерге катышып туристтерди тартууга аракет жасалган. Ошонун натыйжасында быйыл өлкөгө келген туристтердин агымы көбөйөт деген үмүттөр бар. 6-майда Ысык-Көл облусундагы 2018-жылкы жайкы туристтик сезондун расмий ачылыш аземи расмий өттү. Иш-чара Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда «ITF-Ысык-Көл» 19-эл аралык туристтик жармаңке фестивалы менен коштолуп, иш-чарада Ысык-Көл дубанындагы эс алуу жайлар, пансионаттар жана ишкерлер өздөрүн таныштырды.

Ысык-Көл кыргыздын бермети!

Кыргызстанда туристтерди кызыктыра турган бирден бир артыкчылык – Ысык-Көлдүн таза суусу, дары баткагы, кум же табияты экени талашсыз. Бирок Кыргызстан туризмдин өлкөсү делип, ал кирешелүү тармак экени айтылганы менен ага жараша шарттар түзүлбөй жатканы көп эле жолу сынга кабылып келет. Анын бири коммуникация тармагы. Өлкөдө авто жолдордун эле сапаты начар болбостон авиа каттамдар да ыңгайсыз тарифтер менен иштеп жатканын айткандар бар.

Кыргызстандагы курорттор ассоциациясынын президенти Алира Батырбекова: “Биз жакында эле Ташкентке барып келдик. Бизде эң негизги баш оорубуз бул бааларды кантип төмөндөтүү суроосу. Себеби эсептесек Ташкенттен бизге келип эс алып кетүү үчүн бир кишиге 600 доллар керек экен. Алар биз бул акчага Антальяга барып беш жылдыздуу мейманканада эс алып келүүгө болот деп айтып жатышат. Биз арзан деген панисионаттын баасы менен эсептеген күндө да бизге келчү жолдун чыгымы аларга кымбат туруп атат. Кыргызстанда авиабилеттердин баасы абдан кымбат болуп жатат”,- дейт.

Кыргызстанда негизинен Орусия жана Казакстандан келген туристтер басымдуулук кылат. Бирок соңку жылдары бул өлкөлөр өздөрүнүн туризм саясатында ыкчам жана күтүүсүз бурулуштарды жасап жаткандыктан, Кыргызстан да ошого жараша динамикалуу, комплекстүү чараларды көрбөсө, атаандаштыкка туруштук бере албай калат дешет адистер.

Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов: Турист үйүндө олтуруп, ага кайсы жерде эң арзан, жакшы сервисти берээрин карайт. Бул жагынан азыр биз коңшулаш же бир топ мамлекеттерге карганда алдыдабыз. Бирок биз алардын азыркы темпин карасак бизде бул жагынан уттуруп коюу коркунучу бар. Мисалы Казакстанды алсак алар туризм тармагын абдан өнүктүрүп жатышат. Орусия Сочи менен Крымга абдан көңүл буруп, Крымга келип эс алсаң арзан же мынча акча беребиз деп аябагандай чоң үгүт жүргүзүп жатат. Биз мындай күчтүү атаандаштыкка өтө ыкчам аракет көрүп, болгон ыңгайлуулуктарды түзбөсөк атаандаштыкка уттуруп коюшубуз мүмкүн”.

Өлкөдө сырттан келген туристтерден тышкары ички туризмди жайылтуу аракеттери да жүрүп келет. Мында өкмөт эле эмес ишкерлер, активисттер өздөрү да ар кандай долбоорлорду уюштуруп келгендери белгилүү.

Активист Улан Үсөйүн: “Кыргызстанга келе тургандардын санын арбытабыз деп миллиондогон каражатты жумшап “Көчмөндөр оюндарын” өткөргөнүбүз менен, азыр ошого жараша шарттар жок болуп жатат. Чет өлкөгө барганда биз да байкап жүргөндөй, турист тейлөө кызматына жана жылуу мамилеге абдан көңүл бурат. Баарында болбосо да бир топ эле жайларда андай шарт жолго коюлган эмес. Андан сырткары туристтерди тозо турган жайларды эле эмес кызмат көрсөтө турган адамдардын да маданиятын жогорулатпасак жакшы натыйжа чыкпайт. Биз ички туризм боюнча долбоорду да өткөргөнбүз. Анда Кыргызстандыктар мейманканы куруп койгону менен өздөрү турист болуп көрбөгөн соң, турист эмнеге, кандай шартка ыктаарын так билбейт. Биздин эл ушул маселени жакшы түшүнгөндө бул тармак тез өнүкмөк. Бул өкмөттүн кыла турган ишинен сырткары. Ал эми өкмөт коопсуздук, каттоо, транспорт сыяктуу иштерди тездетүүсү зарыл”.

Туризм аймактарда

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов учурда Кыргызстанда туризм өнүгүп бараткан тармак экенин айтканы менен туризмди өнүктүрүүдө Талас, Баткен облустары артта калып жатканын белгилейт.

“Биринчи орунда албетте Ысык-Көл облусу, бирок бул аймакта көйгөйлөр да жок эмес. Нарын аймагы да соңку жылдары активдүү баратат. Ош облусуна туристтердин кызыгуусу артууда. Жалал-Абаддын да көрсөткүчү орточо десек болот. Ал эми Баткен менен Талас облустары туризм тармагында артта калууда. Бул облустарда туристтик компаниялар, мейманканалар дээрлик жок».

Аймактардагы туризмди өнүктүрүү үчүн, туристтик жайларга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулушу кажет. Туристтер үчүн дагы бир маанилүү маселе бул ажаткана. Быйыл бул багытта Бишкек — Чолпон-Ата жолунун боюна ажатканалар курулат.

«Бул багытта бир аз жылыштар бар. Ошентсе да көйгөйлүү маселелер көп. Алардын эң орчундуусу — ажаткана маселеси. Бул боюнча да бүгүнкү күндө айылдар менен биргеликте иш алып баруудабыз. Быйылкы планды Чолпон-Ата — Бишкек жолунда бир нече даараткана куруу бар. Муну ушул жыл ичи бүткөрөбүз».

Туристтер ат минүүгө кызыгууда

Акыркы учурда Кыргызстанда чет элдик туристтер ат минүүгө көбүрөөк кызыкканы байкалууда. «Супара Чуңкурчак» этно-комплексинин аткаруучу директору Назгүл Турганбаева ат минүү үчүн жакшы шарттарды түзүү керектигин айтат. Деген менен туризм жаатында көбүнесе жеке ишкерлер иштеп жаткандыктан жакшы шарттар түзүлбөй келет. Ошол эле учурда жакшы шарттарды түзүү менен кошо жаратылышка аяр мамиле кылуу зарыл.

Назгүл Турганбаева: “Бизге келген туристтерден өлкөнүн эмнеси кызыктыраарын сурасак, дээрлик бардыгы эле «жаратылыш жана тоолор» деп жооп беришет. Мындан сырткары, ат минүү туризми дагы кызыгуу арттырат экен. Андыктан ушул тармактар боюнча көбүрөөк жарнама берип, жакшы шарттарды түзүү зарыл».

2017-жылдын жыйынтыгы

Департаменттин маалыматына караганда, 2017-жылдын биринчи жарым жылдын ичинде эле Кыргызстанга 1,971 миллион турист келген — алардын саны 349 миңге көбөйдү. Бул убакыт аралыгында өлкө бюджетине 38,778 миллион сом түшкөн. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 7,715 миллионго көп.

Чет элдиктерди кабыл алуудан түшкөн киреше 12,6 миллион долларга өсүп, 173,9 миллионду түздү. Ошондой эле туризм сферасына 6,878 миллион сом сарпталган. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 4,867 миллион сомго көп.

Анткен менен туристтик агенттиктердин кызмат көрсөтүүлөрү 1,7 миллион сомго кыскарып, 516,7 миллион сомду түзгөн. Курорттук санаторийлердин көрсөткүчү дагы кыскарган, тагыраагы 3,6 миллион сомго азайып, 208 миллион сомду түзгөн.

Мейманканалар менен убактылуу жашоочу башка жайлар дагы аз каражат алып келген. Киреше 185,2 миллион сомго кыскарып, 931 миллион сомдун айланасында.

Кыргызстан эл аралык рейтингде 

Эске сала кетсек, жакында эле Бишкек россиялык туристтер жазгы эс алууга барууну каалаган КМШнын ичиндеги 10 шаардын катарына киргени айтылган. Эң популярдуу туристтик багыттарды изилдөөнүн жыйынтыгында туристтер жаз мезгилинде баргысы келген шаарлардын катарына Бишкектен тышкары Минск, Астана, Баку, Ереван, Алматы, Ташкент, Кишинев, Душанбе жана Ашхабад кирди. Бишкекке адатта туристтер эки күнгө келип, суткасына 65 доллардан сарптайт. Арзандыгы жагынан Кишинев менен Ташкент башкы орундарды ээлейт. Ал эми акчасын чачкысы келгендер Астана менен Бакуга барышат экен.

Ал эми Британиянын жөө туристтер коому түзгөн рейтинг боюнча Кыргызстан 2018-жылда активдүү эс ала турчу алдыңкы беш мамлекеттин катарына кирди. Рейтингде жалпысынан 20 мамлекет болсо, Кыргызстан бешинчи орунга татыган. Борбор Азия мамлекеттеринен рейтингге Кыргызстандан башка Тажикстан (7-орун) менен Өзбекстан (19-орун) кирген. Биринчи орунга Пакистан чыкса, экинчи орунда Россия жана үчүнчүдө Индия турат.

Туризм экономиканы өстүрөт

Адистердин баамында мындай көрсөткүч буга чейин болгон эмес. Андыктан жогорудагы цифраларды эске алып 2023-жылга чейин ички дүң өндүрүмдөгү туризмдин көрсөткүчүн 10 пайызга көтөрүү максаты коюлуп жатат. 2017-жылы Кыргызстандын чек араларынан 4,5 миллион чет элдик жаран кирген.

Азыркы учурда Кыргызстанда туризм тармагынын бир катар приоритеттүү багыттары аныкталган. Бул тууралуу 2015–2017-жылдарда Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү программасынын долбоорунда айтылат.

  1. Курорттук-ден-соолукту чыңдоочу туризм
Ысык-Көл көлү жана анын пансионаттары, эс алуу үйлөрү, курорттору жана башка ден-соолукту мекемелери, максималдуу эффективдүү пайдалануу керек болгон туристик чоң мүмкүнчүлүктү берет.

2.Тоо-окуялуу туризм жана альпинизм

КРнын көп бөлүгүн тоолор ээлегендиктен алар эл аралык туризмди тартуунун объектиси болуп саналат. Окуялуу туризм дүйнөлүк туризм базарында бийик суроо-талапка ээ. Бийик тоо чокулары, мөңгүлөр, үңкүрлөр, көлдөр туризм тармагындагы альпинизм, спелеология, то-жылгаяк туризм, раффтинг, треккинг, хорстенг, моутингбай багыттарынын өнүгүшү үчүн артыкчылыктар болуп саналат.

3.Маданий-таануучулук туризм

Кыргызстан жаратылыш өзгөчөлүктөрүнөн тышкары элдин салт-санаасы, кол өнөрчүлүгү, искусствосуна жана Улуу Жибек-Жолунда жайгашкан тарыхый-маданий эстеликтерге бай. Улуу Жибек-Жолунда транзиттик жүрүштөрдү уюштуруу өлкө үчүн өзгөчө актуалдуу.

4.Экологиялык туризм

Экологиялык туризмди өнүктүрүү үчүн өзгөчө кайтарууга алынган аймактар чоң роль ойнойт. Экологиялык туризмди өнүктүрүү үчүн перспективалуу варианттардын бири болуп, биосфердик аймактарды түзүү саналат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1 биосфердик аймак, 10 мамлекеттик корук, 9 улуттук жаратылыш сейил багы, 68 корукча бар. Алардын баары экологиялык туризмди өнүктүрүү үчүн чоң потенциалдарга ээ.

5.Окуялуу туризм

Жүрүштүн негизги максаты кандайдыр-бир окуяга арналат. Салттуу эс алууну жана эң укмуштуу иш-чараларды өзүнө камтыган уникалуу турлар бара-бара чоң популярдуулукка жетишет. Окуялуу туризм — бул майрамдык атмосфера, эс алуунун индивидуалдуу шарттары жана унутулгус таасирлер. Окуялуу туризмдин башкы өзгөчөлүгү — кайталангыс учурлардын көптүгү. Буга Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мисал келтирүүгө болот.

6.Медициналык туризм

Бул ден-соолукту чыңдоо үчүн жүрүш. Медициналык туристтер — чет өлкөдө дарылануу жакшы жол болгон баардык жаш курактагы бейтаптар. Бул көпчүлүк учурда өзүнүн өлкөсүндө жок дарыланууну алуу мүмкүнчүлүгү.

Баса белгилеп кетчү жагдай туримз бул экономиканы эле эмес, өлкөнү өнүктүрө турган тармак. Дүйнөнүн кээ бир мамлекеттери дээрлик 80 пайызы туризмдин арты менен жашап өнүгүп келет. Айта кетсек, Кыргызстандыктарга кеңири таанымал болгон эс алуучу өлкөлөр жана шаарларга Анталия, Индия, Кытай аралдары болуп саналат. Кыргызстан да бул тармакка өзгөчө көңүл буруп, келечекте туристтик өлкөгө айланууга аракеттер жыл сайын көрүлөт. Быйылкы сезон кандай натыйжа алып келет, ал убакыттан көз каранды.

Илгиз Жамалбеков

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости