Кыргызстан өз позициясында 7 пункт боюнча ийгиликке жетишип, кыргыз экономикасынын эркиндиги 61,1 баллды түздү. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 1,5 баллга жогору болуп, Кыргызстан 89-орунду ээлеген.
Биз Кытай, Белоруссия, Орусия жана башка өлкөлөрдөн озуп кеттик.
Биздин жергиликтүү ишкерлер эмне дешпесин дал ушул биздин өлкөдө эң демократиялуу салыктар жана кошумча нарк салыгына жана сатуудан түшкөн салыкка болгон пайыз эң төмөн. Башка мамлекеттерде салыктар 50%га чейин болот жана мындай шарттарда бизнес жүргүзүү жеңил эмес.
Менчикке болгон укукта 50 баллдан бир аз көбүрөөк. Бүгүнкү күнү парламентте жеке менчик жана анын ээлеринин укуктарын коргоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эгерде менчикке кол тийгистик маселеси чечилсе анда дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан дагы бир нече пунктка көтөрүлөт.
“Өкмөттүн катышуусу” бөлүгүндө Кыргызстан 30 балл алган, бул өкмөт экономиканын эркиндигине чоң таасир берет дегендик. Бирок рейтингди аныктоочу система кандай критерийлер боюнча аныкталып жатканы белгисиз бойдон калууда.
“Эмгек эркиндиги” жана “Мамлекеттик чыгымдар” бөлүгүндө баллдар төмөндөгөн. Бул чыгымдар көбөйдү дегенди билдирет, ал эми эмгек жана тандоо татаалдашты.
Эң бийик көрсөткүчтү мурунку СССР өлкөлөрүнүн ичинен Грузия алган. Ал 13-орунда. Андан соң эле Литва, Латвия турат.