• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстанда биткоин миллиардерлери пайда болобу?

img_4046

👁 3,397

Декабрь айынын башында дүйнөлүк басылмалардын баары миллиардерлер криптовалюта-биткоин, эфириум жана башка альткоин түрүндөгү алгачкы капиталдарын алганын жазып чыгышкан болчу.

Алар автралиялык бир туугандар Тайлер жана Кэмерон Уинклвосстор болчу. Булар 2008-жылы Facebook социалдык тармагынан 65 миллион долларды сот аркылуу утуп алышып, андан соң 2013-жылы 11 миллионго биткоиндерди сатып алышкан. Ошондон тарта биткоиндердин курсу 100 эсеге өсүп, эксперттердин эсеби боюнча алар миллиардер болушу керек болчу.

Бир туугандар өздөрү – биткоиндерин сатууну каалашпаганын билдиришкен. Алар эмнени күтүп жатышат? Биткоиндин курсу 100 миң долларга чейин жогорулайт деп жатышабы? Күн сайын дал ушундай фантастикалыкк прогноздор айтылууда.

Бул макалада «Экономика» Кыргызстандын жөнөкөй жарандарынын криптовалюта сатып алуу керекпи же жокпу деген суроого жооп издеп көрдү. Эгерде алар криптовалюта сатып алууну чечсе анда аны кантип кылса болот? Албетте бул кезектеги пирамидабы же жокпу деген суроого дагы жооп алууга аракет кылабыз.

Бул тармакта каражат табуунун эки негизги түрү бар – бул биткоин чыгаруу (майнинг) же аларды алмаштыруулар аркылуу сатып алуу.

Майнингге токтолбой эле коелу, себеби Кыргызстанда аны менен алек болгондор анонимдүү жүрүшөт. Бул түрдө киреше табууга Кыргызстанда базалык активдер бар – бул салыштырмалуу азан электр энергиясы. Ушундай жол менен Грузия бул маселе боюнча алдыга чыга алды. Бирок Кыргызстан Грузия менен атаандаш боло албайт, себеби жогорку билимдүү адистер жана жеткиликтүү интернет биздин майнинг индустияга тоскоол болуучу негизги нерселер. Мурда биткоиндерди майнинг кылууда кадимки компьютерлер жарай берчү, видеокартанын жардамы менен биткоиндер алынчу- ал GPU-майнинг деп аталчу.

Бирок бүгүн бул иш абдан атаанджаштарга толуп, атайын майнинг үчүн компьютерлер чыгарыла баштаган. Албетте өлкөдө майнинг кылгандар бар жана алар биздин кеңешке муктаж эмес.

Биз болсо биткоинди же башка криптовалюталарды (альткоин) кандай жол менен алса болорун карап көрөлү. Атайын сайттардын бирине катталуу керек дагы крипто капчык алуу менен сатып алууну баштоо зарыл. Мисалы: https://blockchain.info/ru. Сизге бул жерден белгилүү болгон баардык криптовалюталарга капчык ачууну сунушташат – албетте бул бекер – сатып алуу, сатуу, валютанын курсун текшерүү, биткоиндерди накталай акчага алмаштыруу мунун баары ушул жерде болот.

Бул сайттан тышкары бир катар сайттар бар, мисалы: https://bitcoin.org, https://janus.xapo.com ж.б. Бирок капчык жоголуп кетпейт деп сизге эч ким кепилдик бере албайт. Себеби 2013-жылы Япониянын MGTOX деп аталган крипто биржасын хакерлер бузуп алышкан дагы 850 миң биткоин уурдалган. Алардын 750 миңи биржанын кардарларына тиешелүү болчу. Азыркы баа боюнча эсептесек уурдалган биткоиндер 12,7 миллиард доллар болмок. Банкрот болгону боюнча азыркыга чейин соттук процесстер жүрүүдө. Бирок криптовалюталар юридикалык жактан бекитилбегендиктен кардар биткоинин артка ала албайт.

Эми сизде биржалардын биринде капчык бар деп коелу жана сиз аны биткоиндер менен толтургуңуз келди. Бул үчүн электрондук алмаштыруучу жайлар бар. Мисалы: https://www.bestchange.ru. Бул орус тилдүү эң поплуярдуу сайт. Бул жерден криптовалюталарды рубль, евро, доллар менен сатып алса жана сатса болот. Бул жерде биздин сом жок. Биткоинден жана эфириумдан сырткары бул жерден Litecoin, Dogecoin жана башка валюталарды сатса жана сатып алса болот. Бул алмаштыруучу жайлар менен иштешүү үчүн сизде Webmoney, Yandex Деньги, PayPal же KIWI сыяктуу жерлерде электрондук акчаларыңыз болушу шарт. Ошондой эле банктагы эсеп менен, терминалдар менен, банк карталары менен түз иштешсе болот.

Албетте бул акча алмаштыруучу жайлардын баарында комиссия алынат, алар айрым учурларда 5 — 10 %га жетет. Себеби алмаштыруучу жайлар крипто менен иштеп, өздөрү дагы коркунучка туш болушат, себеби эч кандай камсыздандыруу жок. Учурда күн өткөн сайын суроо-талап көбөйүп, биткоин терминалдар, банкоматтар пайда болууда жана Lamassu сяктуу компаниялар өндүрүштү көбөйтө башташты.

Бул кандай иштейт?

Битконидерди банкоматтан алуу үчүн колдонуучу айдоочулук күбөлүгүн же визиттик карточкасын жанына ала жүрүүсү керек. Колдонуучуда биткоин капчык бар болсо ал дароо транзакцияга өтөт. Жабдуу транзакциянын баасын көрсөтөт жана 7% алат. Колдонуучу макул болот дагы банкоматтын камерасына телефонун жакын алып келет, экранда биткоиндердин саны чыгат дагы аны алып алса болот. Бул процесс бир нече мүнөттү гана талап кылат. Кыргызстанда учуда мындай банкоматтар жок, бизге эң жакыны Алматы шаарындагы «Ритц-Палас» деп аталган борбордо.

Мындай банкоматтар эмнеси менен ыңгайлуу? Силер биткоинди аласыңар жагы жароо өзүңөрдүн капчыгыңарга салып аласыңар, башкача айтканда, кагазда сиздин биткоиндин дареги жазылган болот. Сиз аны катып коесуз дагы курстун жогорулашын күтөсүз. Бирок сиз биткоинди же эфириумду саткыңыз келсе андай банкомат аркылуу иш жасай албайсыз. Бирое технология өнүгүүдө. Жакында Бишкекте электрондук акча алмаштыруучу жайлар жана банкоматтар пайда болушу толук ыктымал.

Кыргызстанда азырынча крипто валютаны жөнгө салуучу актылар жок. Биздин эле эмес, башка өнүккөн өлкөлөрдүн өкмөтү дагы бул рынокко кирүүгө шашпай эле. Бул электрондук шар качан жарыларын эч ким билбейт. Криптовалюталарды капиталдаштыруу 500 миллиард долларга жетти. Бул болсо жөнөкөй шар эместигинен бул ири инвестдолбоор экенинен кабар берет.

“Таза коом” долбоору талкууланып жатканда көпчүлүк аткаминерлер жана эксперттер мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү үчүн блокчейн технологиясы тууралуу көп айтышты. Бир жагынан алганда технология маалыматтык система менен байланышта боло албайт, себеби блокчейн деген бул көз карандысыз маалымат базасы. Демек текшерүүгө жана мониторинг жүргүзүүгө мүмкүн болгон борбордук сервер болбойт. Бул болсо “Таза коомго” кирери күмөн.

Эми биткоинге келели. Бизде биткоин миллиардерлери пайда болобу? Биз бул тема боюнча талкуулагандан кийин ушундай суроо туулат. Албетте пайда болот. Бирок бир маанилүү шарт бар. Борбордук банктар жана финансылык институттар бул процесске кийлигишпеши керек. Ошондо сиздин миллиондор миллиарддарга айланат.

Албетте тамаша – мындай болушу мүмкүн эмес. Эч ким буга жол бербейт, себеби дүйнөдө азыр маанилүү валюта бул доллар. Жана дүйнөлүк каржылын инстиуттар биткоинге дүйнөлүк валютаны ашып өтүүсүнө жол бербейт. Ар бир валютаны көзөмөлдөп туруу керек, бирок биткоин көзөмөлгө алынбай келет. Бул “оюн” качан бүтөт белгисиз.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости