World Elite Mastercard картасын кармоочулар үчүн Elite деңгээлиндеги ыңгайлуу Консьерж-сервиси КРнын аймагында, ошондой эле чет өлкөлөрдө ишкердүү жолугушууларды, саякаттарды, көңүл ачууларды, шоппингдерди, күнүмдүк иштерде жардам көрсөтүүнү уюштуруу боюнча кызматтарды өзүнө камтыйт.
Kyrgyzkommertsbank өзүнүн кардарларына дебеттик World Elite Masterсard картасын гана сунуштабастан, World Elite Masterсard насыялык картасын да сунуштайт.
Эске сала кетсек, «Кыргызкоммерцбанк» АКсы Кыргыз Республикасынын аймагында банк кызматын көрсөткөн япон-кыргыз банкы. Ал Visa, Mastercard, Maestro, AmericanExpress, Union Pay International жана Элкарт карталары боюнча дагы кызмат көрсөтүп келет.