Алар:
“FoodExpo Kyrgyzstan 2017” 1-эл аралык адистешкен азык-түлүк көргөзмөсү;
“FoodExpo Kyrgyzstan 2017” 1-эл аралык адистешкен азык-түлүк өнөр жайынын жабдууларынын көргөзмөсү;
“FoodExpo Kyrgyzstan 2017” 1-эл аралык адистешкен коомдук тамактануу ишканаларын камсыздоо үчүн жабдуулардын, товарлардын жана тейлөө кызматтарынын “HorecaExpo 2017” көргөзмөсү;
1-эл аралык адистешкен таңгактоо продукциясын өндүрүү “UpackExpo Kyrgyzstan 2017” көргөзмөсү;
1-эл аралык адистешкен халал-индустрия “HalalFoodExpo 2017” көргөзмөсү.
Биринчилерден болуу сыймыктуу ошол эле учурда жоопкерчиликтүү. Ата мекендик өндүрүүчүлөр менен катар өнүмүн казакстандыктар, орусиялыктар, немистер жана италиялыктар көргөзмөгө коюп жатканда бул эки эсе жоопкерчилик. 20 компания азык-түлүк өнөр-жайындагы жаңы өнүмдөрү жана экологиялык жактан таза азыктары менен мактана алышмакчы.
Айыл-чарба, мелиорация жана өнөр-жай министринин орун басары Э. Чодуев бул жерде азык-түлүктү өндүрүүчүлөр, аны сатып алуучулар жолугушуп, пайдалуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүп, жаңы идеялар, жаңы технологиялар менен таанышып, тажрыйба алмашып, маанилүү маселелерди талкуулай алышат.
Азык-түлүк менен камсыз кылуу дүйнөдө байма-бай талкууланып келет, калктын санынын өсүшү менен жана айдоо аянттарынын азайышынан, суунун тартыштыгынан, ирригациялык системалардын бузулушунан, планетадагы климаттын өзгөрүшүнөн улам маселе улам курчуп бара жатат. Адам баласына жылына 130–150 кг жашылча керек!
Азык-түлүк өнөр-жайы Кыргызстанда өнүгүп жатат, колдонуучулар эми сапаттуу азыктарды колдонууну каалап жатышкан чагы. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстан керек болгон тамак-аштын 9 түрүнүн ичинен үчөөнү гана камсыз кылат. Алар картошка, сүт, жашылча-жемиштер.
Баарын багуучулардын катарында ар дайым адам баласы болуп келген, ал жерди иштетип, азык-түлүк чыгарып келет. Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жана калктын укугун коргоо үчүн айыл-чарба тармагын өнүктүрүү керектигин мойнуна алат.
Бизде калктын көп бөлүгү айылдарда жашашат, бирок айыл-чарба тармагы ИДПнын аз эле бөлүгүн түзөт. Бул түшүмдүүлүктүн аздыгына жана өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы тармагында пландалган селекциялык иштердин жоктугуна байланыштуу болууда. Республиканын айыл-чарба тармагы негизинен чийки зат менен гана камсыз кылат.
Бүгүнкү күнү Кыргызстан тартылган кошумча ресурстардын жана көрсөткүчтөрдүн артынан кууп келет. Бизде болгон ресурстарды эффективдүү пайдалануу жолуна түшүү зарыл. Ал үчүн илимди каржылап гана тим болбосто наны өнүктүрүү керек.
Ирина Байрамукова