Баса Финансы министри Адылбек Касымалиев ар бир кыргызстандык орточо эсеп менен эң аз дегенде 6 миң сом аларын айтып келет.
Негизинен баары калктын кайсы тобу тууралуу соз болуп жатканынан көз каранды. Эгерде “эл өкүлдөрү” тууралуу айта турган болсок алар дасторконду жайнатып, жакындарына кымбат-баалуу белектерди алып, Мальдив аралдарына дагы барып эс ала алышат. Себеби депутаттардын айлыгы 45 миң сомду түзөт, ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын маянасы 55 миң сомго жакын, вице-спикердики – 50 миң сом. Андан кийин төраганын жардамчылары жана анын орун басарынын жардамчылары көп айлык алышат – 26–35 миң сом.
Балким пенсионерлер майрамдарда жыргашкандыр? Же неберелерине белек берип кубантышкандыр? Себеби 2017-жылы мамлекет алардын пенсиясын жогорулатпады беле?! Бул жерде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге караганда абал бир аз жакшыраак. КРдагы орточо пенсия 5517 сомду түзөт. Социалдык фонддун төрагасы Тенизбек Абжапаров билдиргендей, 2017-жылдын 1-октябрында пенсиянын көлөмү 516 сомго жогорулаган! Башкача айтканда Кыргызстандагы эң аз пенсия 1780 сом. Кыргызстандыктар бул каражатка бирөөгө белек сатып берерине күмөнүм бар, себеби өздөрүнө өп-чап жеткен акчага белек алуу кыйын эмеспи!
Ар бир жаранына жардам берип жаткан мамлекетке рахмат! Бирок Кыргызстан менен Ервобиримдиктин ортосундагы каржылык макулдашууга ылайык, балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулунун көлөмү жыл сайын 10%га жогорулап туруусу зарыл!
Көпчүлүк үй-бүлөлөр мигранттар которгон акчанын эсебинен жашап келишет. Эгерде эмгек мигранттары мекенине акча салбай калышча, анда эксперттер билдиргендей Кыргызстанда жакырчылык 38%га жетмек. Жакырчылык боюнча дал ушундай рекорддук көрсөткүч 2012-жылы катталган. Ал убакта КРнын жарандарынын 38%ы жакырчылыкта жашашчу.
Демек, биз Кыргызстандагы жаңы жылдык майрамдарга кубанышат деп айтсак болобу?
Бирок оптимисттер Кыргызстанда аяз ата болуу жеңил деп айтышат, себеби адамдар аз нерсеге эле канаат кылууну үйрөнүшкөн. Gallup уюму өткөргөн изилдөөлөргө ылайык, кыргызстандыктардын 65%ы мамлекет туура багытта кетип жатат деп билдиришкен, ал эми үч жыл мурун ар бир экинчи кыргызстандык өлкө аңга түшүп бара жатат дешкен болчу.
Ирина Байрамукова