Буга , Кыргыз Республикасынын сот системасын мындан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссиянын рекомендациялары түрткү болуп, коррупция менен күрөшүү боюнча аракеттердин Стамбул планынын 2012-жыл 24-февралындагы пленардык жыйынында бекитилген Кыргыз Республикасынын экинчи раундунун мониторингинин отчетунда тийиштүү иштерди башка сотторго берүү менен аскер сотторун жоюу боюнча Кыргыз стан үчүн тикелей рекомендация берилгени негиз болду.
Кыргыз Республикасынын азыркы Жазык кодекси аскер кылмыштарынын болгону 18 курамын камтый тургандыгы менен байланышкан. Ага кошумча аскер кызматчылары жасаган кандай гана болбосун кылмыштар боюнча жазык иштери да аскер сотторунун соттоосуна тиешелүү болуп саналат. Аталган иштердин категориясы атайын жол-жоболорду талап кылбастан туруп, кылмыш жасалган жери боюнча жергиликтүү соттор караса да болот.
Мындан сырткары аскер сотторунун судьялары аскер кызматчылары болуп саналышат, демек, аскер администрациясынын баш ийүүсүндө болуу менен аскер наамын алуу маселесинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчилигине көз каранды болушат. Бул судьялардын көз карандысыздык жана Конституция менен мыйзамдарга гана баш ийүү принцибине карама-каршы келет.
Эми мыйзамга ылайык, аскер сотторунун судьяларынын штаттык бирдигин иштери жергиликтүү сотторуна берүү каралган.
Бул факт дагы жаңы коррупциялык схемалардын түзүлбөөсүнө кепилдик бере албайт. Жергиликтүү соттордун аскерге балдарын жибербөөнү каалаган же башка маселелерди чечип берүүнү өтүнгөн туугандары чыгышы ыктымал.