• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстанда 12 ишкана халал-сертификациядан өтүштү

namaz-193

👁 628

Бишкекте КРнын Экономика министрлигинин колдоосу менен халал-индустрияда жаңы стандарттарды киргизүү маселеси боюнча талкуу болду. Ага КРнын Экономика министри Артем Новиков, Муфтийдин орун басары Замир ажы Алымкул катышышты. Жолугушуу учурунда ишкерлер, дин өкүлдөрү, экономика министрлигинин өкүлдөрү өз каалоосу менен сертификат алуу, өнүмдү маркировкалоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында кызматтардын халал стандарттарына ылайык келүүсү тууралуу талкуулашты.
“Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөргө, ЕБга, араб өлкөлөрүнө экологиялык жактан таза, сапаттуу халал өнүмдөрдү экспорттоону жогорулатууга Кыргызстандын потенциалы бар. Халал-индустрия биздин экономиканын өнүгүүсүндө маанилүү роль ойноруна ишенем”,-деди Новиков.
“Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов белгилегендей, бул чечим өз убагында кабыл алынды жана халал индустрия бул биринчи кезекте ден-соолукка пайдалуу жана экологиялык жактан таза өнүм. Бул келечекте эл аралык рынокко чыгууга болгон чоң кадам жана келечеги кең.

Экономика министри 2017–2020-жылдарга карата КРда халал-индустрияны өнүктүрүү Концепциясы бекитилгенин кошумчалады.

КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-сентябрында Кыргызстанда азыктардын халал стандарттары боюнча маркировка жана сертификация боюнча токтом кабыл алган. Ага ылайык, “Халал” сертификатын өз ыктыяры менен алуучуларга сертификатты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандарттар жана метрология борбору берет.
“Жаңы система КРнын Муфтияты менен биргеликте пилоттук негизде ишке ашырылууда. Учурда 12 ишкана халал-сертификикациядан өтүштү. Ыктыярдуу сертификация жана маркировка баарынан маанилүү болуп турат. ЕАЭБде алкагында баардык тоскоолдуктар алынды. Долбоордо маркировка процесси башталганда керектөөчү азык тууралуу каалаган маалымат алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт”,-деди Новиков.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости