Комиссиянын жумушунун натыйжасында Өкмөткө тапшырмалар берилди:
Жогорку-Нарын ГЭСинин курулушунда канча каражат сарпталганын аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык ар тараптуу изилдеш үчүн эл аралык аудиторлорду чакыруу;
Башкы прокуратуранын өкүлдөрү эл аралык аудиттен соң 37 млн доллардын колдонулушу боюнча укуктук баа берүүлөрү керек.
Эсеп палатасы 2 айдын ичинде Жогорку Нарын ГЭСинде аудит жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Белгилүү болгондой, Жогорку-Нарын ГЭС каскады 4 ГЭСтен туруусу керек болчу:
–Ак-Булуң ГЭСи;
–Нарын ГЭС-1;
–Нарын ГЭС-2
–НарынГЭС-3 жана жалпы кубаттуулугу 237,7 МВт.
Орусиядагы оор экономикалык абалга байланыштуу Жогорку-Нарын ГЭСин курууга каражат берүү кармалып, кийин такыр эле токтоп калган.
Резидент А.Атамбаев буга байланыштуу “РусГидронун” жетекчиси жана Орусиянын бийлиги менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн. Бирок жыл башында бул долбоордун социалдык-экономикалык маанисин эске алуу менен 2016-жылдын 21-январында келишим денонсацияланган
Айрым эксперттердин пикиринде, орусия тарап үчүн каржы жагы эмес, саясий жагы маанилүү болгон. Борбордук Азия аймагында долбоорго каршы болгон биздин коңшуларыбыздын орус бийлигине дайым басым көрсөтүп турганы өз ишин аткарды.
Бирок бул эми тарых. Азыр Кыргызстан эмне кылуусу керек? Биз үчүн бул дагы да стратегиялык объект. Себеби долбоор түзүлүп, “Пионердик база” Вахта шаарчасынын курулушу башталып, суу өткөрүү түтүктөрү жана башка коммуникациялар курулган, ошондой эле жолдор жана көпүрө курулуп баштаган.
“Жогорку-Нарын ГЭС” ЖАКынын маалыматына ылайык, бардык иштерге кеткен чыгым 2 миллиард сомду түзгөн. Бирок “РусГидро” 37 миллион доллар доо койгон.
Жасалган ишти жана бөлүнгөн каражатты тактоо үчүн 2016-жылдын 12-февралында ЖКнын атайын комиссиясы жерине барып долбоордун бир нече объекттери менен таанышып чыгышкан.
Берилген материалдарды комиссия изилдеп чыгып курулуш иштери, жабдууларды сатып алуу жана кызматтар жогорулатылган баа менен көрсөтүлгөнүн билдирген.
Курулуш аянтын суу менен камсыз кылуу үчүн биздин «НК Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасы тартылып, 50 млн 80 миң сомго иш аткарабыз дешкен, бирок вахталык шаарчаны караганда комиссия жогорудагы суммага тиешелүү иштер аткарылбаганын көргөн.
Бирок бул ААКынын өкүлдөрү аталган суммага эмне иш кылынганын жана даярдоо убагы деген эмне экенин түшүндүрүп бере алышкан эмес.
«ЭСКО ЕЭС» ААКсы “РусГидронун” жалгыз генералдык подрядчиги. Башкача айтканда бул ААКны генералдык подрядчик кылып алуунун канчалык кереги бар эле?
Алынган маалыматтарга таянып убактылуу комиссия каскадды курууда баалар жогорулатылып көрсөтүлгөн деген корутунду чыгарып, стандарттарга ылайык көз карандысыз аудит жүргүзүү керектигин билдирди.
“РусГидро” менен келишимди бузгандан кийин дароо эле биздин өлкө долбоорго башка инвесторлорду издөөнү баштаган. Кытай жана Индия компаниялары тарабынан сунуштар түшкөн, азыр болсо Иран жетекчилери менен сүйлөшүү жүрүүдө.
Бул өлкөлөр стратегиялык объекттерди курууга абдан кызыкдар экенинде шек жок. Өзгөчо коңшу болгон супердержавалар – Кытай жана Индия. Алар инвестор болсо борбор-азиялык аймакка таасир берүүчү күчтүү куралга ээ болушмак жана долбоордун каржылык жагын карашпайт деле болчу.
Бирок биздин бийлик тарабынан кабыл алынган бардык чечимдер “РусГидро” менен маселени чечип алмайынча кагаз жүзүндө кала берет. Себеби бул мамлекеттик компания дайыма орусиялык бийликтин көзөмөлүндө жана Кремлден дагы колдоо алары толук ыктымал.
Кыргызстан менен “РусГидронун” юристтеринин бюджети бирдей эмес. Биз ЕАЭБ, КМШ жана европалык арбитраждык соттордон утулуп калуубуз мүмкүн.
Бирок “РусГидродо” акча гана эмес убакыт дагы бар. Компаниянын мойнунда дагы бир карыз илинип турганынан эч ким эч нерсе болбойт. Ал эми Кыргызстан үчүн долбоордун күн сайын жылбай туруусу түз жана кыйыр мааниде тыйынга барабар. Себеби курулган объекттер бат эле колдонууга жарабай калышы мүмкүн.
Кыргызстан эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берген күндө дагы “РусГидро” менен маселе чечилмейинче бир дагы өлкө инвестиция салбайт. “Жерүйдүн” маселеси бул жерде бизге мисал.
Демек, Кыргызстан “РусГидро” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп компромисс табуусу керек. Ал эми азыр болсо “Араба аттан биринчи кетип жаткандай” абал жаралууда – башкача айтканда инвесторлорду активдүү издөө, ал эми “РусГидро” менен болгон маселе талкууланбай эле. Убакыт бизге каршы иштеп жатат.
Кенеш Абылов