Кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалы мышык ыйлагыдай экенин экономисттер тынбай айтып келишет. Социалдык маселелер аз эмес экени дагы жашыруун эмес. Бирок биздин жаратылыш капиталына болгон үмүтүбүз чоң. Өлкөнүн экосистемасын окумуштуулар социалдык-экономикалык маселелерди чечүүнүн башаты атап келишет.
Токмоктун тургуну Александр Фомин жума сайын Бишкекке келип турат жана жумасына эки жолу аталган жол менен өтөт. “Алгачкы жолу 6 жыл мурда Чу суусунун жээгинде чоң өрт болгону эсимде, ошондо өрт өчүрүүчүлөрдү өзүм чакыргам. Бирок ал келгиче бир топ жери күйүп кеткен. Дагы бир жолу досторум менен өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен күрөшүп жатканын көргөм. Алар бийик бактар өрттөнүп жатканда жөн гана карап турушту дагы от чөпкө жабышканда гана таяктарга илинген чүпүрөктөрү менен чаап башташты. Бирок өрт сууга жетмейинче өчкөн жок. Көрсө, өрт өчүрүүчүлөрдүн бензини ченелүү болот экен дагы 5–6 метрлик тилсиз жоону өчүрүүгө насосторду иштеткенге жетпейт экен. Жөн гана минтип иштемексен болгондуктан экологияга эч кандай пайда болгон жери жок”,-деди Александр Фомин.
Руслан Өмүрзаков көп жылдардан бери Бишкек- Токмок каттамы менен таксист болуп эмгектенип келет жана жолду 5 колундай билет. “Жыл өткөн сайын өрттөнгөн жерлер көп болууда. Ал эми эч нерсеси калбай күйгөндөр болсо метр эмес километр боло баштады. Ысык-Көлгө кеткен жолдун боюнан көптөгөн туристтер өтөт аларды качандыр бир убакта жакшы дарактар тосуп алса азыр алардан калган күйгөн калдыктар гана бар. Бара-бара чычырканак сыяктуу баалуу өсүмдүктөр азайып баштады, ал эми камыш болсо көп болууда, аны канча өрттөшпөсүн ал кайрадан өсүп чыгууда”,-деди Руслан.
Жээк барган сайын кеңейип баратканы куралсыз эле көрүнүп турат. Жээктерди бекемдөө иштери көп жүргүзүлүп келет, ал эми ал болсо өлкөнүн бюджетинен болуп, бир топ каражаттар чыгымдалууда.
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү Альфия Насырова сейил бактарды караган адистер жок болгон соң жаңы сейил бактарды ачуунун кереги жок экенин билдирди. “Эски бактар каралбай жатканда жаңы аймактарды түзүүнүн канчалык зарылчылыгы бар? Ансыз деле адистер аз болуп жатканда каражатты дагы чачуунун кажети барбы? Ал эми көзөмөлдөөчү орган болгон Экотехинспекция азыркыга чейин мамлекеттик токой кызматы менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол кое элек”,-деди ал.
Ошол эле маалда биздин коңшу казактар жөн жатпай эле. Алар жээктерди бекемдеп, дарак отургузуу менен алек болушууда. Биз болсо чек ара маселелери чечилбей жатат деп, Өзбекстан менен болгон чек ара делимитация жана демаркация болбой жатат деп бакырганыбыз менен табигат өзүнүкүн алып, аймактарыбызды алдырып жатабыз. Логика кайда? Эмнеге бул нерселерге көз жумуп келебиз?
Айыл өкмөттөрү болсо суу жээгине дайыма көзөмөл коюуга каражат жоктугун билдирип келет. Бул жер чек ара аймагында болгондуктан ал жерди айдап, бир нерсе себүүгө болбойт. Демек, ал жер “эч кимдики эмес”!
Мамлекет эч кандай чара көрбөй жатканда жарандык активисттер өздөрү демилге көтөрүп суу жээктерин бекемдеп келишет, ошондой эле алар дарактарды дагы отургузушууда. Былтыр Токмоктуктар, Бишкектин адабий-музыкалык клубунун активисттери мажүрүм талдарды отургузушкан.
Ирина Байрамукова