• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстан жана Казакстан өз ара товар жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүүгө багытталган

ali_0637

👁 974

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйшөмбү шаарында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту.

Эки жактуу жолугушуу бүгүн, 1-июнда өтүүчү Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.

«Кыргыз-казак союздаштык мамилелери тиешелүү динамикага жетишти. Активдүү саясий-экономикалык диалог сакталып, талашсыз түрдө эки жактуу өнөктөштүктү мазмундук толтурууну шарттаган бардык деңгээлдеги байланыштар жүргүзүлүүдө. Казакстан менен стратегиялык өз ара байланыштарды бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири», – деп белгиледи Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы эки жактуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өстүрүү потенциалы зор экенин баса көрсөттү.

«Биздин президенттерибиз тарабынан өз ара сооданы 1 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүүгө багытталган милдеттер коюлган. Бул бизди өз ара товар айлантууну өстүрүү жана соодадагы тоскоолдуктарды четтетүү үчүн шарттарды түзүү максатында өз ара тыгыз аракеттешүүгө түртөт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз кезегинде Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев эки мамлекеттин башчылары тарабынан Өкмөттөрдүн алдына коюлган пландарды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

«Казак тарап эки жактуу алакаларды өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган ар кандай демилгелерди дайыма колдоого даяр», – деп кошумчалады ал.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчылар Казакстанда Премьер-министрлердин төрагалыгы алдында 7-чи Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү жөнүндө макулдашууларга жетишишти.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости