• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстан жана Ислам өнүктүрүү банкы 15 жылга кызматташтык долбоорго кол коюшту

20140517_093113

👁 642

Премьер-министр Сапар Исаков 11-февралда, Дубай шаарындагы (БАЭ) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитинин ишине катышуу алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Бандар М.Х. Аль-Хаджар менен жолукту.

Өкмөт башчы Кыргызстан ИӨБ менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин белгиледи жана өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 10–15 жылга белгиленген узак мөөнөттү кызматташтык долбоорго кол коюу боюнча макулдашышты.

Ошондой эле ИӨБ тарабынан иш-чаралар планын даярдаган эки тараптын эксперттеринин деңгээлинде «Таза Коом» программасынын алкагында өлкөнүн санариптик трансформацияланышына методологиялык жана финансылык көмөк көрсөтүү боюнча макулдашуу болду.

Премьер-министр бул максаттарды ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын вице-премьер-министри башында турган жумушчу топ жөнөтүлөөрүн белгиледи.

Өкмөт башчы өлкөнүн айылдарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурду. Сапар Исаков бул долбоорлор Өкмөттүн кыска мөөнөттү жана орто мөөнөттү келечегинде артыкчылыктуу маселелеринин бири болуп саналат деп белгиледи.

Андан тышкары ал өлкөнү өнүктүрүү үчүн андан кем эмес маанилүү делген саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлорду белгилеп кетти.

Жолугушунун жыйынтыгында Өкмөт башчы Сапар Исаков ИӨБнын президенти Бандар М.Х. Аль-Хаджарды 2018-жылы сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтө турган Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости