Акыркы күндөрү коомчулук КРнын экономикасын өнүктүрүү боюнча Улуттук Банк менен Эл аралык валюталык фонддун кайчы пикирлерин угуп келет.
Бул абал активдүү жарандык коомчулуктун көз жаздымында калбашы керек.
Маселе насыя берүүнүн ислам принциптерине байланыштуу. Каршы туруу көпкө созулушу мүмкүн болуп турат.
Улуттук банк дагы деле өлкөдө өнүгүү институттарын түзүүгө катышуубуз керек деген пикирди карманып турат. Өлкөдөгү банк кызматтарынын институтун өнүктүрүүдө маанилүү багыт каржылоонун исламдык принциптери деген пикирди карманып келет Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.
“Эл аралык валюталык фонд долбоордо биздин катышуубузга каршы чыкты. Бирок Кыргызстандын банк системасынын түптөлүү тарыхында Улуттук банк бир нече жолу ар кандай долбоорлорго катышканына көңүл бурабыз. Улуттук банктын колдоосу менен алгачкы банк карталарын чыгарганбыз. Биз “Айыл банк” негиздерин түзүүдө жана насыялык биримдиктерди түзүүдө катышканбыз”,-деди Толкунбек Абдыгулов.
Учурда «Эко-Исламик Банк» насыя тармагында ислам принциптери менен иштеп келет жана өлкөдө жаңы банкты түзүү маселеси мурунтан эле курч бойдон калып келет. Буга чейин Т. Абдыгулов жаңы коммерциялык банк пайда болушу мүмкүн экенин айткан болчу.
Исламда үстөк пайызга тыюу салынган. Кошумча акы гана бар. Мындан сырткары айрым операцияларды жүргүзүү учурунда банк түз катышуучу болот. Мисалы, ошол эле ислам принциптери менен ипотека берүү кандай болот? Банк квартираны өз акчасына сатып алат дагы сизге бир аз жогору баада, комиссиясы менен сатат. Товарлар боюнча дагы ушундай эле принцип: банк товар сатып алат, бул жакка алып келет дагы сиз менен бирге сатат. Сиз кирешенин бир бөлүгү менен бөлүшөсүз.
Улуттук банк жаңы мекеме түзүүгө кызыкдар, анда жаңы принциптер, каржылоо булактары болот. Адамдарда болсо тандоо болот. Бул жерде Улуттук банк үчүн эч кандай пайда жок.
Маселе ислам принциптерин башкалары дагы кабыл алуусунда. Банктарда исламдын шариаты тууралуу кеңештер бар, ал жакта сырткы катышуучулар көп. Алар баасы менен эл аралык аудит катары келишет. Бул учурда болсо Эл аралык валюта фонду бул ролду өзүнө алган.
Кыргызстандагы ири кредитор катары Эл аралык валюта фонду бюджеттик дисциплина боюнча катаал талаптарды карманып келет, ошондой эле Улуттук банктын жеке секторду каржылоого болгон инновациялык кадамдарына терс пикирин билдирип келет. Мындан сырткары Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын банктары кандай багытта өнүгө алары, каржылоо тууралуу өз талаптарын коюп келет.
Эл аралык валюта фонду көптөн бери эле көз карандысыз өлкөлөрдүн каржылоо тармагын башкарууда эксперименттерди жүргүзүп келет жана айрым учурда ийгиликтер жаралса, айрым учурда туура эмес болгону да кездешет. Мисалы, Аргентина менен Греция экономикасы бир топ кыйынчылыктарга учураганын билебиз. Ал жакта Эл аралык валюта фонду экономикалык кризистен чыгарууда оюндун эрежелерин ойлоп тапкан. Учурда Аргентина менен Грециянын экономикасы дагы деле кризисте жана эки тарап тең экономикалык каатчылыктын кезектеги толкуну менен күрөшүүдө.
Кыргызстандын бизнес чөйрөсү бул жагдай эске алганда, кредиторлордун бир тараптуу талаптарын аткарууга болбойт деп санайт.
Кыргызстан Ири кредиторлор менен диалогго барып, КРнын жарандык коомунун пикирин эске алуу менен өз экономикасынын өнүгүү жолдорун өзү аныкташы керек.