• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстан Японияга биргеликте электрондук медицинаны өнүктүрүүнү сунуштап жатат

south-316

👁 761

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында жапон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Шиничи Китаока менен жолукту.

Өкмөт башчы эки өлкөнүн мамилелери өзгөчө мүнөзгө ээ экендигин, тараптар демократия жана өнүгүү боюнча өнөктөш катары ийгиликтүү өз ара иш алып барып жаткандыгын жана JICA бул жаатта эки тараптык кызматташууну тереңдетүүдө маанилүү инструмент болуп келгендигин белгилеп кетти.

«JICAнын кыргыз-жапон мамилелеринин позитивдүү өнүгүшүнө активдүү катышып жана Кыргызстанда таасирдүү жана өз учурундагы болуп келген маанилүү долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгы үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет. Азыркы тапта бизде өлкөнүн ар бир жаранынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган реалдуу реформалар алдыга коюлду. Өлкөнүн санариптик трансформация процессинде сиздердин агенттиктин ролу абдан актуалдуу жана маанилүү», – деп белгиледи Сапар Исаков.
Премьер-министр быйыл JICAнын Кыргызстандагы беш жылдык планы түзүлүп жатканын белгилеп, буга байланыштуу ал «Таза Коом» долбоорунун алкагында электрондук медицина системасын түзүү боюнча долбоордү биргелешип ашке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушун берди.
«Бүгүн өлкөдө саламаттык сактоо жааты кардиналдык реформаларга абдан муктаж, андыктан, аталган маселе биз үчүн приоритеттүү болуп саналат. Жапониядагы маалымат технологияларынын өнүккөндүгүн жогорку деңгээлин жана медицинасынын өнүккөнүн көңүлгө алып, биз ниеттенгендей, аталган долбоорду ишке ашырууда сиздердин өлкө биздин өнөктөшүбүз боло алат. Аталган долбоордун ийгиликтүү ишке ашышы биздин өлкөдө өтө жогорку баадагы пикирлерге ээ болот. Мамлекет инфраструктураны модернизациялоого бардык күчүн бурат. Бирок бизге электрондук медицинаны кийирүүдө жапондук ноу-хау, билими жана технологиялары керек. Атап айтканда, электрондук рецепт, дистанциялык диагноз чыгаруу жана дарылоо, дарыгерлерди окутуу, дары препараттардын автоматташтырылган маалымат базасы, сервисти жакшыртуу, анын ичинде электрондук кезектер, бейтаптардын электрондук карталары тууралуу сөз жүрүп жатат», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Өз кезегинде Шиничи Китаока Кыргызстан демократия институттары абдан активдүү өнүгүп жаткан өлкө экенин белгиледи.

«Сиздерде демократиялык шайлоолор заманбап технологогияларды колдонуу менен ачык өтүп жатканын көрүп жатабыз. Биз бул багытта көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Андан тышкары биздин уюм Кыргызстанда абдан ийгиликтүү иштеп жатканы, өнөктөштүк мамилелерибиз демократияга жана өнүгүүгө багытталганына күбөлөндүрөт», – деди JICAнын директору.

Жоолугушунун жүрүшүндө тараптар жапон эл аралык кызматташтык агенттиги JICA электрондук саламаттыкты сактоону кийирүү перспективалары боюнча комплекстүү изилдөө жүргүзүүсү тууралуу, анын жыйынтыгы менен иштин багыттары жана жаңы программанын бюджетин аныктоо боюнча макулдашышты.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости