Тоолор жашообузда маанилүү роль ойнойт. Планетанын калкынын жарымынан көбү тоолордон көз каранды, себеби дал ушул тоолордон таза суу келип, алар энергия булагы болуп саналат. Бирок маанилүү ролуна карабастан тоолуу аймактар климаттын өзгөрүүсү, жаратылыш кырсыктары сыяктуу бир катар коркунучтарга туш болууда. Температуранын жогорулоосу дагы тоолордогу мөңгүлөрдү эритип натыйжада миллиондогон адамдарга таза суу жетпей калуу коркунучу жаралууда. Дал ушул тоолор климаттын өзгөрүүсүнө, тактап айтканда, планетадагы климаттын глобалдуу жылып жатканын эрте кабылат. Мындан сырткары топурактар бузулуп, жаратылышты ашыкча күчкө салып пайдалануудан улам тоо топурактары дагы бузулууда.
Адам затынын жашоосундагы тоолордун ролун баалоо мүмкүн эмес! БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму келтирген айрым далилдер:
Тоолор 915 млн адамдын жашоосуна көмөкчү болгондон сырткары тоо этектеринде жашаган миллиарддаган адамдарга кыйыр түрдө пайда алып келет.
Тоолор дүйнөнү 60–80 % таза суулар менен камсыз кылат. Айрым ири мегаполистер үчүн, Мельбурн, Найроби, Нью-Йорк, Рио-де-Жанейро жана Токио сыяктуу шаарлар үчүн дагы тоолор таза суунун башаты.
Дүйнөлүк туристтик индустриянын 15–20%ы тоо туризмине туш келет. Тоодо эс алуунун түрү көп болгондуктан туристтер лыжа тээп, альпинизм менен алектенип, жөө жүрүштөрдү уюштурганды жакшы көрүшөт.
Дүйнөлүк азык-түлүккө тиешелүү өсүмдүктөрдүн 20 түрү болсо алардын 6 түрү тоодо өсөт. Жүгөрү, картошка, арпа, помидор жана алмаларсыз жашоону элестетүү кыйын эмеспи.
Учурда Кыргыз Республика делегациянын курамында жана Тажикстан, Монголия менен бирге тоо маселелери боюнча Римдеги конференцияга катышууда.
Түздүктө туруп тоолорго көңүл буруу кыйын. Бүгүнкү күндө тоолор кысым астында турат. Анын аты – климат, ачкачылык, көчүү! Бүгүнкү күндүн урааны так ушундай болду! Эмнеге? Бул жөнүндө “Горы значимы” эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү, КРнын видеооператору Нурлан Анарбаев кененирээк айтып берди. Ал өз фильминде кыргызстандыктар тоодо жашоого үйрөнсө дагы тоодо жашоо өтө кыйын экенин унутпашыбыз керектигине басым жасаган. “Тоодо жашоо элди тез чечим чыгарууга, энергияны көп сарптоого, өзгөчө кырдаалдарда баарына даяр турууга көндүрөт” – дейт Нурлан Анарбаев. – Тоолор улуу! Бирок улуулуктун иллюзиясы туруксуз: убакыттын өтүүсү менен изсиз. Биз эртерээк эсибизге келе алабызбы? Болгону фактыларга гана көңүл буруу керек! Мисалы, Кыргызстанда мөңгүлөр жети жылдан соң 7%га азаят!”
Бүгүнкү күндө Кыргызстан аймактын 94%ын тоолор түзгөн мамлекет катары тоолук демилгени көтөрүп атат: бул өнүгүп келе жаткан тоолуу мамлекеттерди колдоо; финансылык мекемелерге эколгогия үчүн жаңы өнүгүп келе жаткан тоолуу мамлекеттердин карыздарын жоюу үчүн кайрылуу жана жашылдандыруу демилгеси.
Борбордук Азиянын тоолору кайталангыс байлыкты жана жаратылыш ресурстарын катып турат. Бүгүнкү күндө тоолордо орто жана чакан ишкердик дээрлик жок, ал эми чоң тоо-кен казуу компаниялар-инвесторлор көпчүлүк убакта жергиликтүү калк менен тил табыша албайт. Абалды өзгөртүү тууралуу мамлекеттик башкаруу органдары гана эмес өкмөттүк эмес органдар да ойлонушу керек.
Ирина Байрамукова