• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстан “Таза коом” менен “Жаңы доорго” бет алды

????????????????????????????????????

👁 1,809

Кыргызстанды 2018–2040-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүүнү көздөгөн “Таза коом – Жаңы доор” стратегиясы талкууланып, долбоор негиз катары кабыл алынды. Бул документ президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги алдында даярдалды.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин VI отуруму президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги алдында өттү. Отурумда 2018–2040-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн «Таза коом – Жаңы доор» стратегиясынын долбоору талкууланды.

Президент Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы мындан беш жыл мурда бекитилген/ 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын логикалык уландысы экенин эске салды.

«2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын кабыл алганыбыз өзүн толук актады деп белгилегем. Биз ушул документтин, кыргызстандыктардын эмгегинин аркасы менен өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн жолуна алып чыга алдык. Ал жерде бардык тармактар маалымат берчү. Жалаң гана экономика эмес, таза шайлоолор, сот реформасы, кылмыш укуктарын реформалоо, маданият, тил, дин саясаты каралган. Мындай документ керек экендигин мезгил өзү далилдеди», - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент ЕАЭБ тууралуу пикирин билдирди

Президент Алмазбек Атамбаев бизнес жана Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү тууралуу маселеге да токтолду. Президенттин пикиринде өлкөдө бизнестин өнүгүшү үчүн чоң рынок керек. Кыргызстан эл аралык рынокко чыгуу максатында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулганынын мааниси ошондо.

«Бизнестин өнүгүшүнө чоң рынок керек. Биз зор үмүт менен ЕАЭБге кошулдук. Бул туура чечим, бүгүн дагы биз ЕАЭБде калышыбыз керек. Тилекке каршы көпчүлүк чет элдик басма сөздөрдө Кыргызстан, Атамбаев ЕАЭБди бузгусу келип жатат деп жазышууда. Бул болбогон кеп! Биз ЕАЭБдин курамынан чыгалы деген жокпуз, чыкпайбыз дагы. Чындыгында иш жагдайы башкада”,-деди.

Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүү, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу долбоорун турмушка ашыруу, Ташкент – Ош – Кашкар эл аралык автотрассаны ишке киргизүү жана ата-мекендик продукцияларды сатуунун башка альтернативалык рынокторун издөө зарылдыгын белгиледи.

Адам – өнүктүрүү стратегиясынын башкы максаты

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы – бул эксперттердин чоң тобунун эмгеги. Анда Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү эсепке алынган.

“Адам биздин негизги баалуулук, адам — өнүктүрүү стратегиясынын башкы максаты болууга тийиш. Өнүктүрүүнүн бардык программалары, бардык улуттук долбоорлор башкы максатка — адамдын өнүгүшүн, анын ийгиликтүү болушун, азыркы жана келечек дүйнөдө ыңгайлуу жана коопсуз жашашын камсыз кылууга баш ийдирилүүгө тийиш”,- деди ал.

Отурумда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков, фракция лидерлери, өкмөттүк эмес уюмдардын жана бизнестин өкүлдөрү сүйлөшүп, пикирлерин ортого салышты.

Сооронбай Жээнбеков: “Өлкөнү өнүктүрүүдөгү иштерди улантам”

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүү жолунда улантуучулукту сактоонун маанилүү экенин, ошондой эле мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын, жеке сектордун жана жарандык коомдун күч-аракеттерин бириктирүүдө Улуттук кеңештин өзгөчө ролун баса белгиледи.

«Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы коомчулук, бийликтин бардык бутактары колдоп, жактырган, келечекке багытталган бирдиктүү документ, биздин жаркын келечекке карай жол картабыз болуп калат деп ишенем. Жетишкендиктерди бекемдеп, өнүгүүнүн инновациялык жолун улантуу менин милдетим», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы коомчулуктун жигердүү катышуусу менен дагы жаңы идеялар жана сунуштар менен толукталаарына ишеним артаарын жашырбады.

Сапар Исаков: “Өкмөт 2019-жылга чейин толугу менен санарипке өтөт”

Кыргыз өкмөтү 2019-жылы толугу менен санарипке өтөрүн премьер-министр Сапар Исаков улуттук кеңештин отурумунда билдирди. Өкмөт башчы учурда ишке ашырыла баштаган “Таза коом” долбоору жана “Жаңы доорго 40 кадам” программасы 2040-жылга чейинки өлкөнүн өнүгүшүн камсыз кылган узак мөөнөттүү стратегиялык документ болорун белгиледи.

Өкмөттүн программасы – бири-бири менен өз ара байланышкан 9 стратегиялык реформалар программасына негизделет. Алардын топтому 9 улуттук өнүгүү программаны түзөт. Булар калктын жашоо-турмушун жакшыртууга пайдубал түптөп, бизнес-өнөктөштөрүбүзгө маяк боло турган конкреттүү 40 кадам болот. Кадам сайын биздин жарандардын мамлекеттик кызматтарды алуу шарттары жеңилдеп, алардын жашоосун толугу менен жакшырткан механизмдер киргизилет. Алгачкы кадам болуп өлкөнүн санариптик трансформациясы саналат. Санариптик технологиянын мүмкүнчүлүктөрү бардык жерде пайдаланылып, бүтүндөй өлкөнү камтыйт. Бул процесс “Таза коом” Улуттук программасынын алкагында ишке ашат”,-деди аткаруу бийлигинин жетекчиси Сапар Исаков.

Өкмөт башчы эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы программанын үч маанилүү компоненти ишке ашарын билдирди. Алар: “Таза суу”, “Ирригацияны өнүктүрүү” жана “Таза коом” санариптик трансформация программасы.

Талкуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөлөрү 2040-жылга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорун негиз катары кабыл алышты. Стратегиянын долбоору 2018-жылдын 15-февралына чейин толукталып, кабыл алынууга тийиш.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости