Эки өлкө башчылары бирдиктүү билдирүү жасагандан кийин документтерге кол коюшкан.
Алар:
Эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу программасы;
Өкмөттүн алдындагы экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен Тажикстандын экономикалык кылмыштуулукка каршы агенттигинин ортосундагы кызматташуу;
Кыргызстандын жогорку аттестациялык комиссиясы менен Тажикстандын президентинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссиясынын кызматташуусу;
Саламаттык сактоо министрлиги менен Тажикстандын саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрликтеринин саламаттык тармагындагы кызматташуусу;
Эми мамлекеттин Тышкы иштер кызматташуу программасы;
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Тажикстан өкмөтүнүн теле жана радио берүү комитетинин ортосундагы кызматташуу;
Эки өлкөнүн аймагында жарандардын жүрүшү боюнча өкмөттөр аралык келишим;
Баткен менен Согдий облустарынын 2017–2020-жылдар аралыгында достук достук мамилелерин чыңдоо программасы.