Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарбасы уюмунун өкүлү Доржи Кинлай менен жолугушту. Анын жүрүшүндө тараптар өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу жакшыртуу тууралуу сүйлөшүштү.
Дорджи Кинлай 2018–2022-жылдарга карата Азык-түлүк жана айыл чарбасы уюму менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы программанын алкагында кызматташуу боюнча инновациялык эл аралык практика улуттук жана аймактык тажрыйба менен шайкеш колдонуларын билдирди.
Тараптар мындан ары азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу, айыл-чарба жана айлана-чөйрөнү жакшыртууну өнүктүрүүгө түрткү берүү жана жакшыртууда бир максаттарга жетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо зарылдыгын белгилешти.
Мирлан Бакиров Кыргызстанда өстүрүлгөн органикалык өнүмдүн дүйнөлүк рынокко чыгуу маселесин көтөрдү. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар республикада балык чарбасын өнүктүрүү маселесин талкуулашты.