Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-октябрда Ташкентте Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда билдирди.
Шавкат Мирзиёев белгилегендей, кыргыз-өзбек бизнес-форумунун алкагында 200 миллион долларлык келишимге кол коюлгандыгын маалымдады. “Бул башталышы гана деп ойлойм”,-деди өзбек ажосу.
Ошондой эле ал эки өлкө президенттери кол коюлган 12 макулдашуудан тышкары, бардык маселелерди толугу менен чечүү үчүн дагы алты документти даярдоого тапшырма бергенин айтты.
“Президенттер эки өлкөнүн делегациясынын жана элдин жактоочулары, мен делегация мүчөлөрүн түшүнүп турам, алар бири-бирине маалымат берип иштөөдөн алыстап калышкан. Бирок президенттер бардык маселелер жана түшүнбөөчүлүктөр жоюлушу керектиги тууралуу тапшырмаларды бердик”,-деди Мирзиёев.
Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев бийликтеги мөөнөтү аяктаганча тараптар ортосунда бардык маселелер чечилип, тиешелүү келишимдерге кол коюларына ишенимин билдирди.
Эске сала кетсек, 5–6-октябрь күндөрү КРнын президентинин Өзбекстанга болгон сапары уланууда. Анын алкагында ар кайсы тармакта кызматташтык боюнча 12 келишимге кол коюлду. Мындан тышкары өз ара ишенимди бекемдөө, коңшулук мамилени, эл достугун чыңдоо багытындагы декларацияга кол коюшту. Мамлекет башчылар чек араларды тактоо келишими боюнча грамоталарды алмашты. Ошондой эле Ташкент – Андижан – Ош – Кашкар багыты боюнча жүк ташуу боюнча макулдашууга кол коюлду.