Бул жолу Япониядан келген 10 компаниянын өкүлдөрү Кыргызстандын Соода өнөр-жай палатасынын коногу болушту. Баалуу кагаздар менен жүргүзүлчү операциялар, каржы тармагы, бизнес-консалтинг, консалтинг, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча изилдөөлөрдүн анализи, балчылык, бал сатуу, курулуштардын долбоорлорун чийүү, инженердик-курулуш иштери, кыймылсыз мүлктөрдү сатуу жана сатып алуу, унаа тетиктерин өндүрүү, мөмө бактарын отургузуу, азык-түлүк сатуу сыяктуу тармактардын өкүлдөрү келишти.
Алар өз өлкөсүнүн соода өнөр-жай палатасынын өкүлдөрү жана Бишкекке жетекчисинин коштоосунда келишкен.
Соода өнөр-жай палатасынын мүчөлөрү менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Ильяс Сатыбалдиев КРнын Соода өнөр-жай палатасы тууралуу маалымат берди.
“1959-жылдын 24-декабрында түзүлгөн Соода өнөр-жай палатасы мамлекеттик эмес уюм болуп саналат. Анын ишмердүүлүгү өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө, анын дүйнөлүк экономикалык системага интеграция болуусуна, рынок мамилелерин жөнгө салууга, тышкы экономикалык ишмердүүлүккө ийкемдүү шарт түзүүгө, товарлардын жана кызматтардын экспорт болуусуна багытталган. Учурда уюмда 1000ден ашуун мүчө бар, алардын 90у – чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү. КРнын Соода өнөр-жай палатасы жылына 30 ири иш-чараларды өткөрөт”,-деди И. Сатыбалдиев
“Бизнести өкмөт менен байланыштырып турабыз. Биз көптөгөн социалдык-экономикалык маселелерди чечебиз”,-деди ал.
Өз кезегинде Матсуока Тетсуя Япониянын Соода өнөр-жай палатасы жергиликтүү экономикалык уюмдардан турарын жана өлкө боюнча анын 1,26 млн мүчөсү бар экенин билдирди. Анын курамына чакан жана ири корпорациялар, чакан фирмалар, жеке ишкерлер кирет. Палатага мүчө болуп кирүү ар биринин өз каалоосу. Япониянын Соода өнөр-жай палатасынын негизги функцияларынын бири жергиликтүү палаталардын сунуштарын анализдөө, алардын кызыкчылыгын парламентте, өкмөттө коргоо. Кеңеш берүү дагы зор мааниге ээ. Ошондой эле жаш кадрларды даярдоо дагы жүргүзүлөт, ал үчүн жаш ишкерлер Федерациясы түзүлгөн.
Матсуока Тетсуя конференц-залда чогулган кыргыз бизнесмендерине Кыргызстандагыдай эле Япониянын Соода өнөр-жай палатасы Японияда жана чет жактарда жарнамаларды, көргөзмөлөрдү өткөрүүгө жардам берерин билдирди.
Япониянын Соода өнөр-жай палатасы 2017-жылдын май айында Кыргызстанга келип кеткен, бирок Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү жана экспорт мамлекеттик агенттигине келген болчу.
Делегация курулуш, каржы, кыймылсмыз мүлк, туризм тармагында иштеген япониялоык компаниянын жетекчилеринен турган.
“Бул эки өлкөнүн мамилесин конструктивдүү деңгээлге чыгарат деп айтсак болот”,-деди КРнын ювелирлер ассоциациясынын президенти, КРНын Соода өнөр-жай палатасынын мүчөсү Вячеслав Стрельников.
Чындыгында эле япониялык делегациянын сөзүнөн улам алардын КРга келген максаты – Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын билүү жана өнөктөштөрдү тартуу, өлкөгө инвестиция салуу экендигин билсек болот.
Ата мекендик ишкерлер кыргыз өнүмү япониялык рынокко кантип чыкса болоору тууралуу маалыматтарга ээ болушту. Баткен өрүгү менен алектенген «Кыргызфрукт» ЖЧКсынын жетекчиси Абазбек Гапыров документтер, таңгактар, этикетка кандай болушу керектигине кызыкты.
Ишкер Сергей Козлов — балды чет жакка кантип алып чыкса болот деген суроо салды. Балга болгон тиешелүү сертификаттар, лабораториялык текшерүүлөр тууралуу маалымат алгысы келгендерден ал жалгыз болгон жок.
Анын кесиптеши Жумгалдан келген Мурат Жакыпов маркетинг стратегиясы боюнча кеңеш алды. “Өз өнүмүңдү кантип сатуу керек?” деген суроого жооп алды.
Жемиштерди кургатуу менен алектенген ишкер Валерий Юсув энергияны үнөмдөө менен жемиштерди кантип кургатса болоруна кызыкты.
Ишкерлер чет жактарда ишкерлик менен алектенүү кандай экенине дайыма кызыгып келишет. Вячеслав Стрельников анын бош жаткан 5 гектар жери бар экенин жана ал жакка мөмө жемиштеринин көчөттөрүн отургузууну каалап жатканын айтты.
Маматалиев Искендер бул бизнес-жолугушууга атайын Оштон келген, ал таш төшөлгөлөрдү чыгаруу менен алектенет. Ал өз өнүмүн Японияга экспорттоого даяр жана япоялык бизнесмендердин кызыгуусун арттырып койду.
Жалпылап айтканда бардык бизнес-пландар, идеяларды санап бүтө албачудаймын. Алар талкууга активдүү катышып, өнөктөштүк кызыкчылык пайда болгону маанилүү эмеспи.
Бизнес-матчинг эки өлкөнүн кызматташуусунун потенциалы жогору экенин көрсөттү.
Ирина Байрамукова