• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстан менен Япония 2018-жылы кызматташууну баштайт

64

👁 1,089

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасындагы Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Казухико Кикучи менен жолугушту.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-япон мамилелери жогорку деңгээлде турат.

Премьер-министр өнүктүрүү боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга активдүү катышуусу үчүн JICAга ыраазычылык билдирди.

Сапар Исаков учурда алдыңкы технологияларсыз улуттук экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эместигине токтолуп, буга байланыштуу аталган багыттагы япон тажрыйбасын иликтөөнүн, ошондой эле Япониядан маалыматтык-коммуникациялык технологияларга (МКТ) байланыштуу долбоорлорду алга жылдыруу жана ишке ашыруу боюнча инвесторлорду тартуу маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Биз санариптик трансформация өлкөдө коррупцияны жоюуга, республикалык бюджеттин кирешесин жогорулатууга, көмүскө эконмиканын көлөмүн кыскартууга жана социалдык инфраструктураны жакшыртууга кеткен чыгымдарды жогорулатууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Сапар Исаков ошондой эле кыска мөөнөттө аткарылчу милдеттер катары «Акылдуу шаар» долбоорун, салык процедураларын фискалдаштырууну, мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштырууну, салмак көлөмдүк көзөмөл жана мамлекеттик сатып алуулар тутумун жакшыртууну ишке ашырууну атады.

Андан соң тараптар биргелешкен иштин багыттарын, ошондой эле келерки беш жылга карата JICA өнүктүрүү стратегиясынын алкагындагы келечектүү долбоорлорду кенен талкуулады.

Ошондой эле Сапар Исаков өлкөдө электрондук медицинаны киргизүү боюнча биргелешкен аракеттердин өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

«JICA» менен кызматташуунун келечектүү тармагы катары электрондук саламаттык сактоо болуусу керек. Мамлекет саламаттык сактоо тармагындагы инфраструктураны модернизациялоого бардык күч-аракетин жумшайт. Бирок бизге электрондук медицинаны: электрондук рецепт, телемедицина, аралыктан дартты аныктоо жана дарылоо, дарыгерлерди окутуу, дары-дармектердин автоматташтырылган маалыматтар базасы, тейлөөнү жакшыртуу, анын ичинде электрондук кезек күтүүнү, бейтаптардын электрондук карталарын жана башкаларды киргизүү үчүн япон жетишкендиктери (ноу-хаусу), билим жана технологиялар керек», – деди Сапар Исаков.

Буга катар жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Бирдиктүү терезе борбору» долбоорун биргелешип ишке ашыруу мүмкүндүгүн талкуулашты, ага ылайык, бизнес өкүлдөрүндө тийиштүү уруксаат документтерин бир жерден алуу мүмкүндүгү пайда болот.

Мындан тышкары, Сапар Исаков япон тарапка Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакты реконструкциялоого көмөк көрсөтүү мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Кыргызстандагы Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Казухико Кикучи Премьер-министр Сапар Исаковго жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди жана акыркы жылдардагы кыргыз-япон мамилелеринин тереңдеп бара жаткандыгын белгиледи.

«Таза Коом» программасы – абдан келечектүү долбоор. Анда бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу үчүн чоң мүмкүндүктөр камтылган, аны адамдар жашоосундагы сапаттуу өзгөрүүлөрдү сезүүсү үчүн социалдык секторду өнүктүрүүгө багыттоого болот. «Таза Коом» – бул экономика жана социалдык сектор ортосундагы мыкты теңдештирүүчү күч», – деп белгиледи Казухико Кикучи.

Анын айтымында, JICA жетекчилиги келечекте Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар, буга өлкөдөгү ар кыл долбоорлордун ишке ашырылып жатышы күбө болот.

Казухико Кикучи 2018-жылы Кыргызстан менен кызматташуунун жаңы беш жылдык Стратегиясын иштеп чыгуу башталаарын, анын негизги максаты катары экономикалык өз-ара аракеттешүүнүн жаңы деңгээлине чыгуу болуп эсептелээрин баса белгиледи.

Ошондой эле ал Өкмөт башчыны Япониянын бизнес-коомчулугу жана жарандары алдында Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууда колдон келген көмөгүн көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирип кетти. Мындан тышкары япон тарап Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан айтылган бардык сунуштарды карап чыгууга даярдыгын билдирди.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости