КРнын Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, 2017-жылы Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы товар айлануу 24,7 млн.долларды түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 44,5%га көбөйдү. Анын ичинен экспорт 1,9 млн.долларды түзсө (өсүш 10,1%), импорт — 22,8 млн.доллар болду (1,5 эсеге өскөн).
Кыргыз Республикасы ВСП статусуна ээ болуп, ЕАЭБге мүчө болгонун эске алганда эки өлкөнүн ортосундагы товар айлануу тиешелүү потенциалга жооп бербестигин белгилеген министр Новиков Польшанын Кыргызстандагы элчиси Селим Хазбиевичке эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын активдештирүүнү сунуштады.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын абалын талкуулашты. Ошондой эле Бишкекте 3 жыл мурун өткөрүлгөн кыргыз-польша өкмөттөр аралык Комиссияссынын 4-жыйыны жана экономикалык кызматташтык тууралуу сүйлөшүштү.
Тараптар 2018-жылы кыргыз-польша Комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү тууралуу макулдашышты. Ошондой эле польша насыясы боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулашты.
Польшанын өкмөтү тарабынан берилген насыя 2014-жылдын 24-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган КРнын жана Польшанын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында жүргүзүлөт. Учурда тараптар бул макулдашууга өзгөртүү киргизип, насыя берүү мөөнөтүн узартуу маселесин көтөрүшүүдө.