• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт башчылары эки жактуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

4444444

👁 563

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 1-июнда, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Эки жактуу жолугушуу Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү россия тарап менен мамилелерин мындан ары да өз ара түшүнүү жана толук ишеним принциптеринде кура турганын баса белгиледи.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу деңгээлинин оң өнүгүү динамикасын кубануу менен белгилөөгө болот. Биздин маалыматтар боюнча, 2017-жылы товар жүгүртүү 2016-жылга салыштырмалуу 9,2%га өсүп, 1442,8 млн АКШ долларын түзгөн. Ошол эле учурда биздин алдыбызда оң динамиканы сактап калуу гана эмес, отчеттук мезгилде эки жактуу сооданын темпинин 2,2%га төмөндөшүнө, кыргыз экспортунун темпи 45,1%га өсүүсүнө карабастан, 2012-жылы 2 млрд АКШ долларына чейин жеткен тышкы сооданын кризиске чейинки көрсөткүчтөрүнө жетишүү чараларын кабыл алуу милдети турат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы 15-июнда Челябинск шаарында «Кыргызстан жана Россиянын экономикалык интеграциясындагы санариптик трансформациянын ролу» темасындагы Жетинчи кыргыз-россия аймактар аралык конференциясын өткөрүү күтүлүп жатканын, ал эми июлдун башында Ош шаарында 10-чу кыргыз-санкт-петербург Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөрүн белгиледи.

«Бул иш-чара өз ара соода көрсөткүчтөрүнө жана кыргыз экономикасына россиялык инвестициялардын түшүү көлөмүнө таасир берерине ишенем», – деп басым жасады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйынтыгында Мухаммедкалый Абылгазиев россиялык тараптын Санариптик өнүгүү маселелери боюнча министрликти түзүү чечими келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйба алмашууну шарттай турганын канааттануу менен ырастады.

Өз кезегинде Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев эки тараптуу россия-кыргыз мамилелери динамикалуу түрдө өнүгүп жатканын белгиледи.

Ал Россия Кыргызстандын алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналарын баса көрсөттү.

«Экономикалык кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири энергетика болуп саналат. Биз өз тарабыбыздан эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн алдына коюлган милдеттердин жүзөгө ашырылышы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», – деди Дмитрий Медведев.
Соңунда, Россия Өкмөтүнүн Төрагасы учурдан пайдаланып Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди футбол боюнча Дүйнө чемпионаты-2018 ачылыш салтанатына катышууга чакырды.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости