• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстан менен Кытай саламаттыктыкты сактоо жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрөт

22

👁 694

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев Бейжин шаарында Кытай Эл Республикасынын гигиена жана саламаттык сактоо мамлекеттик комитетинин төрагасы Ма Сяовэй менен жолукту.

Биринчи вице-премьер-министр кыргыз өкмөтү эки тараптык кызматташтыкты улантууга ниеттенип жатканын белгилеп, салттуу кытай медицинасы, медициналык туризм жана илимий изилдөөлөр жаатында өз ара иштешүү маселелерин айтып өттү.

«Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосунда саламаттыкты сактоо тармагында эки тараптык мамилелердин активдешип жатканы байкалууда. Кызматташтыктын алкагында тараптар долбоорду ишке ашырып жатат, ага ылайык 2018-жылы Ош шаарында тийиштүү жана заманбап жабдуулары менен жабдылган оорукана комплексинин курулушу аяктайт. Кыргызстан Кытайга биргелешкен аракеттер менен Ысык-Көлдүн жээгинде дарылоочу-дарт аныктоочу борбор куруу боюнча дагы бир долбоорду ишке ашырууну сунуштайт. Аны менен катар медициналык технологиялар жаатында квалификацияны жогорулатуу үчүн эки өлкөнүн адистери ортосунда визит уюштуруунун жөнү бар», – деп кошмчалады Аскарбек Шадиев.

Өз кезегинде Кытайдын гигиена жана саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Ма Сяовэй саламаттык сактоо тармагы эки тараптык кызматташтыктын маанилүү бөлүгү болуп саналарын белгиледи.

«Биз кыргыз тараптын Ысык-Көл жээгинде медициналык мекеме куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу сунуштарын карап чыгууга даярбыз. Аны менен бирге биз медициналык туризм, салттуу кытай медицинасы, дистанциялык түрдө диагнозун белгилөө, дарылоо жаатында кызматташуу биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөө үчүн алгылыктуу перспектива болуп эсептелгендигин эске алуу менен, бул жаатта кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниетибиз бар», – деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты коргоо, ошондой эле эки мамлекет ортосундагы буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдыруу келечектери тууралуу талкуулашты.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости